11:52 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
398220

Эстрада жылдызы, атагы узун элдин учуна тараган ырчы Шахрезада Аскарова жакында эле президенттин колунан "Эмгек сиңирген артист" наамын алды. Бул ырчынын өзүн гана эмес, көпчүлүктү кубандырган жаңылык болду.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ырчыны кепке тартып, чыгармачыл инсан башынан өткөргөн кыйын да, бактылуу да күндөрү, чыгармачыл жолу тууралуу айтып берди.

— Наамды күттүңүз беле? Дегеле наам сиз үчүн канчалык маанилүү?

— Биз эми советтик доордо иштеп калдык да. Ал кезде наам тууралуу ойлочу да эмеспиз. Улуулардын көп жылдан кийин алганын көрүп "аа, эмгегин өтөп, мээнетинин жыйынтыгында алат турбайбы" деп ойлоп койчубуз. 80-жылдардын аягында эстрада жоюлуп, ырчылар өзүн-өзү камсыздаган жеке ырчы болуп тарап кетти. Анда улуттук салттуу музыка эле мамлекеттин каржылоосунда калган. Ошондо ырчылар өз арбайын өзү согуп, тытынып иштеп жүрүп наамды деле ойлобой калышкан. Кесипкөй, чыдамкайлары эле бул чөйрөдө калбаса, кээ бири башка тармакта иштеп, ошол жактан ордун таап кетишти. Мурда гастролго көп чыксак, кийинчерээк ал да өзүн-өзү актабай эстрада ырчылары тойлорго өтүп кетти. Ошентип 2000-жылга чейин наамды эч ким деле күткөн жок. Наам берүү акыркы 10 жылдан бери эле жандангандай. Жаштар ала баштаганда анан улуу муундун өкүлдөрү "кой" деп баштабадыбы.

Мен бул наамга жанталашкан деле жокмун. "Наам качан аласың, документиңди тапшырбайсыңбы" деп тааныштар, кесиптештер сүрөп туруп алышты. Анын үстүнө наам бул намыс экен. Баары эле "ай, жаштар алып жатат, сенин буга чейин иштегениң, гастролдоп жүргөнүң эмгек эмеспи" дегендер да көп болду, көкүтүштү. Чын эле убагында биз Кыргызстандын төрт бурчун, СССРдин 15 республикасын, жайлоо, кыштоонун баарын кыдырып концерт койгонбуз. Ушунун баары эмгек да деп ойлондум. Намыска келдим да, эстрада союзунун сунушу менен документтерди тапшырдым. Көрсө наам деле алдыга чыгып иштегенге стимул берет экен. Мен "пенсияга чыктык, 60 жаштан аштык, наамдын зарылчылыгы деле жок го" деп ойлоп жүргөм. Көрсө жакшылык, ийгиликтин эрте-кечи жок турбайбы. 

Эстрадная певица Шахрезада Аскарова во время выступления
© Фото / из личного архива Шахрезады Аскаровой
Шахрезада Аскарова: 25 жыл кызымдын оорусу менен алышып, акыры аны ажалга тарттырып ийип отуруп калдым.

— Акыркы жылдары сахнадан, теледен такыр эле көрүнбөй кеттиңиз эле?

— Тагдырым оңой болгон жок. 25 жыл кызымдын оорусу менен алышып, акыры аны ажалга тарттырып ийип отуруп калдым. Ошол 25 жылда ары карап ыйлап, бери карап күлүп эч кимге билгизбей иштеп жүрүптүрмүн. Өткөн күндөргө саресеп салсам, мен жанталашып кызымдын оорусун жарнамалап, жардам сурабаптырмын. Азыр айласы кеткен ата-энелер кайрымдуулук концертинен бери өткөрүп жатышпайбы. Балким мен деле убагында ошентип "кызым ооруйт" деп жарыя кылсам, көпчүлүк жардам берип айыгып кетмек беле деп да ойлоп коем. Сахнага күлүп-жайнап чыгып, жеке жашоомду, түйшүгүмдү эч кимге билгизбей жүрчү экенмин. Ошон үчүн өзүмө баа берем. Бул кемчиликпи же артыкчылыкпы, аны билбейм.

Жандуу концерт менен айылдарга барып, андан кийин 2000-жылдардын аягында тойлорго чакыруу түшө баштады. Башында биз тойго барып ырдагандан уялчубуз. Азыр, тескерисинче, ырчылар той издеп калышпадыбы. Ал кезде атыбыз бар, эл суусап чакырып турган кез. Болгону өзүмдү жарналамалаган эмесмин. Пиар, жарнама дегенди эми түшүнүп, үйрөнүп жатам. Көрсө ырчыга ал дагы керек экен. 

— Оорулуу бала менен чыгармачылыкты бирге алып кетүү кыйын болгон жокпу? Кызыңыз эмне менен ооруду эле?

— Кызым баш мээнин ичиндеги кан басымы менен төрөлгөн. Ошондон баштап эле ооруканадан башыбыз чыккан жок. Кийин ал шишикке айланып кетти. Баса албай, талмага туш болду. Бала деген жаман экен, "мен кыйын" деген молдодон чиркөө, корейлердин көз ачыктарына чейин бардык. Акыры дарылатканы Москвага баралы деп даярданып жатсак Кыргызстанда бир эмес, эки революция болуп кетип, анда да баралбай калдык. Ошондон кийин кызым кете берди. Убагында дарылатсам, балким, кызым аман калмак беле деп да өкүнгөн учур болду. 

Эстрадная певица Шахрезада Аскарова во время выступления
© Фото / из личного архива Шахрезады Аскаровой
Шахрезада Аскарова: башында биз тойго барып ырдагандан уялчубуз. Азыр, тескерисинче, ырчылар той издеп калышпадыбы. Ал кезде атыбыз бар, эл суусап чакырып турган кез. Болгону өзүмдү жарналамалаган эмесмин

— Канча балаңыз бар?

— Улуу балам 35 жашта, кызым 1985-жылкы болчу.

— Жолдошуңузчу?

— Жолдошум бар, бирок аны менен төрт жыл чогуу жашаганда эле ажырашып кеткем. Мен филармониянын "Наристе" деген ансамблинде солист болуп жүргөндө, обончу Шеркул Дүйшөналиев да жаңы келиптир. Экөөбүз баш кошуп, уул-кыздуу болдук. Бирок никебиз көпкө созулган жок. Төрт жыл жашагандан кийин ымалабыз келишпей, ажырашып кеттик. Азыр ойлосом ошондо Шеркул экөөбүз урушчу деле эмес экенбиз. Ага эмес, анын туугандарына турмушка чыккандай жүрчүмүн. Жашообузга кайын-журтум, кайнежелерим кийлигишип туруп алды. Эки кайнежем бар болчу, ошолор ызы-чуу кылып, ажыраштырып, инисин башкага үйлөнтүп тынышты.

Бирок күйөөмөн да көңүлүм калды. Кызым ооруп жүргөндө бир басып келип, аталык мээримин төккөн жок. Азыр жалгыз эле уулум калды. Баласы менен да катышпайт. Кызым өлгөндө араң таап келбедикпи. Менин деле ата-энем үч жашымда ажырашып кетишкен. Бирок апамдын кыйындыгы менен мен атам, атамдын экинчи аялы менен өскөм. Энем өзү суусамырлык болчу, бирок атамдын айылы Төш-Булакта болгондуктан "бир туугандары менен чогуу өссүн" деп ошол жакка атайын көчүп келип, колхозго жумушка орношуп, жеңемди (атамдын экинчи аялы) жетелеп алып тойлорго чогуу барчубуз. Энем өлгөндө ошол аталаш бир туугандарым келди. Алар менен аябай жакшы катташам. 

Эстрадная певица Шахрезада Аскарова во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Акматалиева
Шахрезада Аскарова: таптакыр жумуш жок болуп отуруп калганда айлам кетип нан жаап, сатчубуз. Жакшынакай ийлеп, бышырып туруп балама берчүмүн. Экөөбүз алмак-салмак дүкөндүн алдында сатчубуз.

— Жалгыз бой эки баланы, болгондо да оорукчан баланы багуу кыйын эле болсо керек?

— Ананчы. Негизги жумушум ырчы болгон соң гастролдоп жүрүп акча тапчумун. Каныкей Эралиеваны ээрчип жүрдүм, Айчүрөк Иманалиева барган жерине "пенсионер" деп салып алып, көп жардамын көрсөттү. Таптакыр жумуш жок болуп отуруп калганда айлам кетип нан жаап, сатчубуз. Жакшынакай ийлеп, бышырып туруп балама берчүмүн. Экөөбүз алмак-салмак дүкөндүн алдында сатчубуз. Анан эмне кылмак элек. Ошондой оор күндөр өттү. Балам балалыгы кандай өткөнүн деле билбей калды. Үйдө оорукчан киши болсо эне эле эмес, ошол үй-бүлөнүн баары анын түйшүгүн тартат экен. Азыр майып, оорукчан балдарды багып алган аялдарга таазим этем. "Кармангыла" деп айтмакчымын. Андай түйшүктү эне эле түшүнүп, көтөрөт.

— Балаңыз азыр кайда иштейт?

— Ал дагы чыгармачыл чөйрөдө. Бирок көбүнчө паб, клубдарда ырдайт. Кичинесинен эле музыкалык аспаптарда ойноп калчу. Көбүнчө англис, орус тилинде ырдачу. Азыр кыргызча да жакшы ырларды ырдай баштады.

— Эми чыгармачыл жолуңузга кайрылсак. Кичинеңизде эле ырга шыктуу, жакын белеңиз?

— 1957-жылы 20-майда Сокулук районунун Төш-Булак айылында, карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. Атымды негизи Калича коюшмак экен. Бирок чоң энем "Калича деген кайнежем бар" деп болбой коюптур. Ыраматылык атам китепти сүйгөн, күнү-түнү окуган адам экен. Мен төрөлгөн кезде "Миң бир түндү" окуп жатыптыр, анан "кызымдын атын Шахрезада коем" деп өзү коюптур. Орус мектепте окугандыктан мен Зоя да, Шура, Шухра, Зухра да болдум. Өзүмдүн ысымыма студент кезде араң көнгөм.

Чыгармачылыкка кичинемде эле кызыкканымды курбуларым көп айтчу. Биз бала кезде индия кинолору көп келээр эле. Ага барыш үчүн үй оокаттын баарын кылып тыпыйып отуруп калчубуз. Анан 20 тыйыныбызды алып киного жөнөп кетчүбүз. Индия тасмасын көрүп чыкканда мен кыңылдап ырдап, андагы артисттерди кыздар-балдарга туурап берчү экенмин. Ырга болгон шыгым ошондо эле ачылса керек. Мектептин иш-чараларына активдүү катышып, ар дайым ырдаар элем. 8-классты бүткөн соң шаардагы №1 интернатка тапшырдым. Ал жакта жалаң таланттуу балдар окучу. Интернаттан да ырга шыктуу экенимди көрсөтүп, "Шайыр окуучулар клубу" деген сынакка катышып, ийгиликке жеткенбиз.

Жан дүйнөм ыр деген менен энем менин ырчы болушума каршы болуп туруп алды. Эмерек заводунда иштеп жүрүп, ал жерден Ленинградга окууга жиберишти. Ал жактан да эс-дартым музыка деп туруп алгандыктан, музыкалык колледжге тапшырып алгам. Бирок кулагым ооруп, кайра Кыргызстанга келдим. "Фрунзе" заводунда иштеп жүрүп, "Дастан" деген ансамблинде ырдадым. Кийин "Толкун" деген ансамблде ырдап жүрүп, жылдызым жанып "Жолуңдан тосоюн", "Кызгалдактар" деген ырларым ошондо чыккан. "Толкун" ансамблинен кийин филармониянын экзаменинен өтүп, "Наристе" деген топто ырдап калгам. 

Эстрадная певица Шахрезада Аскарова в Чолпон-Ате
© Фото / из личного архива Шахрезады Аскаровой
Шахрезада Аскарова: былтыртан бери чыгармачылык маараке концертин берейин деп камынып жүргөм. Буюрса, жакында деп турабыз. Азыр эски ырларды аранжировкалай баштадык.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Былтыртан бери чыгармачылык маараке концертин берейин деп камынып жүргөм. Буюрса, жакында деп турабыз. Азыр эски ырларды аранжировкалай баштадык. Туугандарым, айылым колдоп жатат. Көрсө, менин ырларым фонддо сакталбаптыр. Ошондуктан концертте мен жаңы ырларга эмес, эски ырларга басым жасап жатам. Мурун көбүнчө барабан, гитаранын коштоосунда ырдачубуз да. Дал ушундай өткөндү эске салган гитаранын коштоосундагы ырлар ушул концертте жаңырат.

Тема боюнча

Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам
Элина Абай кызы өзбек актерлору менен "Делбиримге" тартылат. Продюсер менен маек
Белгилер:
турмуш, чыгармачылык, маек, ырчы

ЭҢ МААНИЛҮҮ