Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Өлкөнүн бир да аба майданы талапка жооп бербейби? "Манас" аэропортунун жообу

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСистема "Электронные ворота" (E-gate) в международном аэропорту "Манас"
Система Электронные ворота (E-gate) в международном аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик экотехинспекциянын жер көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева өлкө аймагындагы 11 аэропорттун бири да талапка жооп бербей турганын айткан.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунун Учактардын коопсуздугу боюнча дирекциясынын башчысынын орун басары Бахтияр Турсунбаев Кыргызстандагы аба майдандары жер мыйзамдарын одоно бузуу менен иштейт деген дооматка жооп кайтарды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамдиректора дирекции качества безопасности полетов ОАО "Манас" Бахтияр Турсунбаев
Замдиректора дирекции качества безопасности полетов ОАО Манас Бахтияр Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан
Замдиректора дирекции качества безопасности полетов ОАО "Манас" Бахтияр Турсунбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов - Sputnik Кыргызстан
Пирматов: Бишкек — Ош каттамына билетти арзандатуунун бир эле жолу бар
Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столдо Мамлекеттик экотехинспекциянын жер көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева өлкө аймагында 11 аэропорттун бири да талапка жооп бербей турганын айткан. Анын сөзүнө караганда аэропорттордун тегерегине мыйзамсыз курулуштар түшүп, бул элге кооптуулук жаратууда.

Турсунбаев бул маселе менен аэропорт эмес, жергиликтүү бийлик баш оорутушу керектигин билдирди.

"Аэропортко учуу тилкеси, рулеждик жол, токтотуучу жай, жабдууларды карап анан сертификат берилет. Эл аралык "Манас" аэропорту ачык акционердик коом болуп саналат. Аба майдандын айланасындагы жерлер жергиликтүү бийликке карайт, курулуштар менен да ошолор алектенет. Биз кандайдыр бир курулуш салынып жатса Жарандык авиация агенттигине кабарлайбыз. Алар комиссия түзүп карап чыгышат", — деди Турсунбаев.

Пилот президентского самолета Турар Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Авиация агенттиги: президентке жаңы учак белекке берилсе жакшы болмок
Ошондой эле ал аэропорт өзү кайсы бир айыл өкмөт же шаар бийлигинин карамагында жайгашкандыктан тегерек четиндеги курулуштарды тескөөгө укугу жок экенин кошумчалады.

Экотехинспекциянын өкүлүнүн билдиришинче, учурда Кыргызстанда 11 жарандык аэропорт бар.

Анын ичинен бешөө, "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол", "Баткен" эл аралык жана алтоо, "Исфана", "Жалал-Абад", "Нарын", "Казарман", "Талас", "Кербен" аэропорттору ички каттамдарды тейлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0