Ара төрөлүп, тебетейде багылган. Күмөндөр Абылов тууралуу 8 факты

© Фото / Аваз АбыловБелгилүү куудул, театр, кино актеру жана обончу, КРдин эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов
Белгилүү куудул, театр, кино актеру жана обончу, КРдин эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү куудул, театр, кино актеру жана обончу, КРдин эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов 60 жылдык мааракесин өткөрүү алдында турат.

Жумурай журтка көбүнчө куудулдук жана актердук өнөрү менен белгилүү болгон инсан Күмөндөр Абылов тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды чогултту. Маалыматтар артисттин балдарынан жана ачык булактардан алынды.

© Фото / из архива Кумондора АбыловаЫмыркайды оорубай, аман-эсен торолсун деп ырымдап, тебетейге салып боз үйдүн керегесине илип койчу экен
Кыргызский юморист, пародист Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайды оорубай, аман-эсен торолсун деп ырымдап, тебетейге салып боз үйдүн керегесине илип койчу экен

Ара төрөлгөн. Күмөндөр Абылов 1958-жылы 30-августта Нарын районунун Учкун айылында туулган. Айына жетпей жети айлык болуп төрөлгөндүктөн, бала болуп кетеринен күмөн санаган чоң энеси "Күмөндөр" деп ат койгон. Оорубай, аман-эсен торолсун деп ырымдап, тебетейге салып боз үйдүн керегесине илип койчу экен. Баса, Күмөндөр Абылов атактуу ырчы, бийчи Майкл Жексон менен бир жылда, бир күндө төрөлгөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актеру Мурат Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
"Композ", "Жаздык" жана "Туңгуч". Актер Мурат Мамбетов тууралуу 8 факты
Чоң комузчу, куудулдун уулу. Артисттин атасы Мукамбет (кийин Мукул деп аталып калган) таланттуу комузчу болгон. Ал адегенде айылдык, райондук маданият үйлөрүндө жетекчи, кийинчерээк Тянь-Шань музыкалуу драма театрында (азыркы М.Рыскулов атындагы академиялык, музыкалуу драма театры) актер, комузчу болуп иштеген. Ушуга байланыштуу куудулдун балалыгы жана окуучулук жылдары Учкун айылында, андан соң Нарын шаарында өткөн. Күмөндөр Абылов айылга жазган катында атасы жөнүндө көп кызыктарды кыстара кеткен.

"Атам кезегинде атактуу Атайдын (Огонбаев – ред.) "Маш ботоюн" бычак жана буту менен черткен жайы болгон. Ал чоң комузчу, куудул, чыгармачыл адам эле. Анын алдында сүйлөй алчу эмесмин. Сахнада "Маш ботойду" ойноп жатып, анан эле калпактын кырындагы бычагын ала коюп чертип, бир учурда коңултак кийген батинкени силкип жиберип, буту менен күүнү шартылдата улантыптыр. Калыстар тобунун төрагасы, жазуучу Касымалы Жантөшев жогору баалап, ошентип атам биринчиликти илип кетет. Баамдасак, минтип бир Атай өзү, анан менин атам чертиптир" деп эскерген. Апасы үй кожойкеси болгон.

© Фото / из архива Кумондора АбыловаБакыт Мукул деген иниси актер, кинорежиссер, Канат Мукул актерлук кесипти окуп, учурда комуз чертип, ырдап, тамадалык менен алектенет. Тилекгүл Абылова аттуу карындашы Балыкчы шаардык маданият үйүндө иштесе, калганы айылда дыйканчылык менен күн кечирет
Кыргызский юморист, пародист Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Мукул деген иниси актер, кинорежиссер, Канат Мукул актерлук кесипти окуп, учурда комуз чертип, ырдап, тамадалык менен алектенет. Тилекгүл Абылова аттуу карындашы Балыкчы шаардык маданият үйүндө иштесе, калганы айылда дыйканчылык менен күн кечирет

Чыгармачыл үй-бүлө. Күмөндөр Абылов тогуз бир туугандын улуусу. Эки карындашы, алты иниси бар. Анын ичине Бакыт Мукул деген иниси актер, кинорежиссер, Канат Мукул актерлук кесипти окуп, учурда комуз чертип, ырдап, тамадалык менен алектенет. Тилекгүл Абылова аттуу карындашы Балыкчы шаардык маданият үйүндө иштесе, калганы айылда дыйканчылык менен күн кечирет. Кичүү Сыймык 2-3 жыл мурун айылдын имамы болгон. "Чоро" аттуу топтун көркөм жетекчиси Марат Абылов жана солисти Нурболот Теңизбек Күмөндөр Абыловдун инилери.

Аккордеонист, артист, куудул. Абылов мектепти бүтөөрү менен Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүндө билим алган. Кийин Советтик Армиянын катарында үйлөмө аспаптар оркестринде кызмат өтөп, Тянь-Шань райондук маданият үйүндө иштеген. 1979-жылдан тарта Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрына аккордеонист, артист болуп эмгектене баштайт. Сахнада убагында ал Кожо Насреддин, Алдар Көсө, Багдасар аке, Шаршен сыяктуу бир топ белгилүү образдарды жараткан. Өзүн куудулдуктан дагы театрга жакын экенин айткан жайы бар.

© Фото / из личного архива Кумондора АбыловаОбончулук талантын да таштаган эмес. Анын 40ка жакын обону ырчы, аткаруучулардын репертуарынан орун алган
Кыргызский юморист, пародист Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан
Обончулук талантын да таштаган эмес. Анын 40ка жакын обону ырчы, аткаруучулардын репертуарынан орун алган

Тасма жылдызы. Абылов кыргыз журтчулугуна театр артисти, куудул гана эмес, киноактер катары да кеңири таанымал. Ал "Ак илбирстин тукуму" тасмасында эр сайышка түшкөн жигиттин, "Жаралуу үчүн курман болууда" тасмасында Бекнияздын жигитинин, "Кербез" фильминде Арзыматтын, "Айыл өкмөтү" тасмасында айыл башчынын, "Белгисиз маршрут" тасмасында милиционердин образдарын жаратып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Обончулук талантын да таштаган эмес. Анын 40ка жакын обону ырчы, аткаруучулардын репертуарынан орун алган. Ошондой эле ал 40тан ашуун интермедия-монологдорду жазып, төрт спектаклдин музыкалык жасалгасынын автору жана режиссеру да болгон. Эки жылда бир өткөргөн "Күмөндөрдүн күлкүсү" долбоору да элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

© предоставлено Кумондором АбыловымУлуу кызы Чүрөкгүл Бишкек шаардык мэриянын алдындагы оркестрде комуз чертчү. Учурда үйдө. Кичүү кызы Набат текстиль заводунда сапат тескөөчү, Абаз аттуу баласы бажы брокери (ортомчу), кичүү баласы Намаз IT-адиси
Кумондор Абылов на выступлении спектакля Багдасар аке - Sputnik Кыргызстан
Улуу кызы Чүрөкгүл Бишкек шаардык мэриянын алдындагы оркестрде комуз чертчү. Учурда үйдө. Кичүү кызы Набат текстиль заводунда сапат тескөөчү, Абаз аттуу баласы бажы брокери (ортомчу), кичүү баласы Намаз IT-адиси

Ат-Башынын күйөө баласы. Куудулдун жубайы Жамила Султанкожоева Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылынын кызы. Ал жолдошу менен Нарын педогогикалык училищеде окуп, театрга барып хордо ырдап жүргөндө таанышып калган. Учурда үй кожойкеси. Жубайлар эки кыз, эки уул тарбиялап келишет. Улуу кызы Чүрөкгүл Бишкек шаардык мэриянын алдындагы оркестрде комуз чертчү. Учурда үйдө. Кичүү кызы Набат текстиль заводунда сапат тескөөчү, Абаз аттуу баласы бажы брокери (ортомчу), кичүү баласы Намаз IT-адиси. Балдарын шаарда үй турса да жатаканада жаткырып окутканын буга чейинки бир маегинде айткан эле: "Чыгармачылыкка аралашсын деп төртөөнү тең Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка бердим. Анан ушундай туура болот деп эсептесем керек го, жаман-жакшы көрүнүп жатып жатаканадан орун алып бергем. Оюмда сабактан кийин калып дагы окушсун деп атам да. Көрсө бирөөнүн баласын бирөө карабайт экен. Кыйратып деле жиберишкен жок, анан окуудан чыгарып алдым. Үйгө келгенден кийин карасам баягы балдарым жок, жерде сүлгүр жатса, ошону алып коёюн дебей аттап кетет, күйгүзүп. Дейди болуп калышыптыр. Улуу-кичүүнү урматтоо, сыйлоо деген жок. Араң үйрөтүп жолго салбадымбы" деген.

© Фото / Cinemart ProductionНарында жашап жүргөндө ордо ойносо, кийин Бишкекке келгенден кийин бильярдга кызыгып кеткен.
Кыргызский юморист, пародист Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан
Нарында жашап жүргөндө ордо ойносо, кийин Бишкекке келгенден кийин бильярдга кызыгып кеткен.

Динге болгон көз карашы. Күмөндөр Абылов айрым учурда социалдык тармактан дин маселесин козгоп калат. Бирок ал ашынган динчилдерге эле көз карашы начар болбосо, динге, улутка толеранттуулук менен мамиле жасарын айтты. Алсак, кичүү кызы намаз окуп хиджаб кийип жүргөнүнө, айылдагы бир тууган иниси имам-молдо болгонуна туура эле көз карашта.

Бильярд ойноп, сканворд толтурганды жакшы көрөт. Балдарынын айтымында, атасы Нарында жашап жүргөндө ордо ойносо, кийин Бишкекке келгенден кийин бильярдга кызыгып кеткен. Бош убактысында сканворд, судоку толтуруп, ыр жазып, обон жаратат. Ошондой эле тарыхий китептерди окуп, аккордеон чертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0