Учурда Кыргызстанда 61 соттун орду бош турат

© Sputnik / Табылды КадырбековДело депутатов Эльмиры Джумалиевой и Чолпон Эсенамановой
Дело депутатов Эльмиры Джумалиевой и Чолпон Эсенамановой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку соттун төрайымынын айтымында, сот органдары бир жылда болжол менен 200 миңге жакын ишти карайт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда 61 соттун орду бош турат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди.

Бүгүн жыйында депутаттар "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты.

Калиеванын айтымында, бир жылда каралган иштин 20-40 пайызы жазык иштери.

"2015-жылы 185 545 иш каралган. 2016-жылы 195 118, 2017-жылы 183 212 иш кароодон өткөн. Ошолордун ичинен жазык иштери 20-40 пайызды түзөт", — деди Калиева.

Жогорку соттун төрайымы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, калгандары жарандык иштер экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0