Бүгүн "Ак-Бата" жаңы конушундагы аялдарды дарыгерлер акысыз көрөт

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүВакцинация от гриппа в Краснодаре
Вакцинация от гриппа в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринде иштеген дарт аныктоочу жана дарылоочу клиникада аялдарды гинекологдор, урологдор, мамммологдор текшерип, УЗИге тартмакчы.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ак-Бата" жаңы конушунда көчмө эки клиника төрөт жашындагы аялдарды медициналык кароодон бекер өткөрөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жеринде иштеген дарт аныктоочу жана дарылоочу клиникада аялдарды гинекологдор, урологдор, маммологдор текшерип, УЗИге тартмакчы.

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ормонбекова: кош бойлуу аял 12 жумага чейин каттоого турушу шарт
Бул иш-чараны аталган министрлик БУУнун калкты жайгаштыруу фондусу менен өткөрүүдө.

Аталган эл аралык уюмдун маалыматына караганда, үй-бүлөдөгү балдардын санын пландап жана ортосунда тиешелүү аралыкты калтырып төрөө өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө таасирин тийгизет.

ЮНФПА балалуу болуу курактагы ден соолукту кароого чакырып, эртерээк диагностика жасатып, дарыгерге көрүнүп турууга ар дайым басым коюп келет. Бул жылы аталган уюм Бишкектин жаңы конуштарында гинекологиялык бекер кеп-кеңештерди берип, УЗИден өткөрүп, текшерүү планын койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0