20:20 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Жаргылчак тартып жаткан айымдар. Архив

Тарыхый сөздөрдүн маанисин билесизби? Зоолу, бычан, шап, оттук...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
792 0 0

Бул сөздөрдү эзелки кылымды чагылдырган тарыхый, адабий китептерден жолуктурасыз. Окуп баратып тык токтоп калбайын десеңиз, материалга бир үңүлүп алыңыз.

Бүгүнкү "Тибирке" рубрикасында эскирген сөздөрдү чечмелөөнүн улантабыз. Маалыматтар "Манас" эпосунун сөздүгү электрондук китебинен алынды.

Астана — босого. Тоонун жылгасынын, капчыгайдын оозу;

Бакай — жылкынын туяктан жогорку биринчи муун менен жиликтин ашташкан жериндеги топ кыл. Бул сөз кээде кара малдын башка түрлөрүнө карата да айтыла берет;

Бакалоо — кароо, көзөмөлдөө;

Бакан коюу — толготуп жаткан аялдын төрөтүн жеңилдетүү максатында иштелген аракет. Толготкон уял түбүнө олтуруп, эки колдоп кармап асылып, таяныч катары пайдаланууга ылайыкталып боз үйдүн ичине орнотулган жыгач.

Бедер, бедел — толгон ай. Өтмө мааниде кадыр-барк, аброй, урмат. Толгон айдай чырайлуу деп сыпаттаган сөз бар.

Буудан — талыкпас күлүк ат;

Бычан — толук бышып жетиле элек чөп, эгин;

Баар — эрте жаз, жаздын алды;

Галмит — булут, туман баскан караңгы түн;

Далы көрүү, далы ачуу — койдун далысына карап болочок иштерди алдын ала айтуучу көзү ачык адам. Далычы койдун далысынын сөөгүн отко кактап аябай ысытат да андан кеткен жаракалардын формасы боюнча көзү ачыктык кылат. Далыны карап бак ачуу Борбордук Азияда, Сибирдеги түрк-монгол элдеринде байыркы мезгилдерден бери кеңири колдонулуп келгени айтылат;

Жакут — асыл таш. Жашыл сапфир менен кызыл лаалдын (рубиндин) жалпы аты.

Зоолу — колу-бутка, моюнга салынуучу чынжырлуу кишен. Өтмө мааниде бирөөгө көз каранды же таасиринен чыга албаган адамга карата да айтылат;

Кумган — жезден же чоюндан жасалган, негизинен колу-бетти жууп, даарат алуу үчүн жасалган, туткасы, чоргосу бар, кумура тибиндеги идиш;

Мандыкер — убактылуу жалданып иштеген адам. Көбүнчө кара жумуш иштеген дыйкандар, усталар;

Отоо — чакан өргө же боз үй. Муну көбүнчө улам жайыт которуп, мал менен тез-тез көчүп-конгон малчылар же жортуулга чыккан жоокерлер колдонушкан;

Оттук — от күйгүзүү үчүн колдонулган чакмак таш. Эзелтен бардык элдер колдонуп келген;

Сынч — устун;

Сээр — сыйкыр, көз боемочулук, магия;

Тул — өлгөн адамдын колдон жасалган сөлөкөтү (эри өлгөн аял эринин кебетесине окшоштуруп жыгачтан тулку жасап, ага өлгөн күйөөсүнүн чапанын жаап, үстүнө анын баш кийимин коюп, көшөгө тартып бурчка отургузуп ашын бергенче сактоочу сөлөкөт). Экинчи мааниси эри өлгөн аял.

Ултаң — өтүктүн таманы. Ултаң бет — уятсыз, абийирсиз (бети өтүктүн таманы маанисинде).

Чайдоос — чай кайнатылуучу атайын идиш. Моюндуу, ооз жагы кууш, түбү жазы болуп жезден жасалат;

Шап — кылыч. Кээде канжар маанисинде да айтыла берет;

Эрөөл — согуш майданында касташкан эки тараптан бирден тандамал жоокер ортого чыгып, жекеме-жеке куралдуу салгылашуусу;

Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)

Тема боюнча

Бешенең куник болсо, күзгүдөн өпкөлөбө! Өзгөчө сөздөн кеп курап...
Жувалдыз менен бостекти көктөй калчы... Диалектини дитиңе тутуп ал
Белгилер:
китеп, адабият, тарых, сөз, Манас эпосу, тибиртке

ЭҢ МААНИЛҮҮ