Бишкекте окуучунун сабалышынан кийин милиционерлер жазаланды

Жазылуу
Бир милиция кызматкери ээлеген кызматынан алынган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №47 орто мектептен анча алыс эмес жерде 8-класстын окуучусу сабалгандан кийин милиция кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Случаи драки людей - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте катуу сабалган окуучунун атасы милиция кызматкери. Окуянын чоо-жайы
Белгилей кетсек, 12-октябрда 8-класстын окуучусун 9-класстын эки окуучусу сабаганы маалымдалган. Өспүрүмдүн мээси чайкалып, тиштери сынып, оозу жырылып кеткен. Кийин жабырлануучунун атасы милицияга арыз жазып, тогузунчу класстын эки окуучусуна Кылмыш жаза кодексинин 170 (опузалап акча талап кылуу) жана 234-беренелери (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан сырткары, мэр Азиз Суракматовдун буйругу менен мектеп директору жана өспүрүмдөр менен иштеген инспектор иштен алынган. Вице-мэр Асел Куламбаева менен мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси катуу сөгүш алган.

Өз ишин так аткарбаганы үчүн Ленин РИИБ менен ШИИБдин бир катар жетекчилерине жаза берилди.

Алар:

— Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси, полковник И.Т. кызмат ордуна толук дал келбейт деп жарыяланды;

— ШИИБдин коомдук тартипти сактоо кызматынын өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын ага инспектору Т.Д. сөгүш алды;

— Ленин РИИБдин кызмат боюнча жетекчинин орун басары, полковник Д.К. сөгүш алды;

— Ленин РИИБдин өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын инспектору, подполковник А.А. сөгүш алды;

— өспүрүмдөр иши боюнча инспектор, милициянын кенже лейтенанты Э.Б. иштен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0