Эртең өлкө аймагына кар жаап, үшүк жүрөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абанын температурасы Кыргызстандын бардык жеринде төмөндөйт.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 16-17-октябрь күндөрү өлкө аймагы боюнча мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, тоолуу райондордун жолдоруна муз тоңуп, тайгак болот. Андан сырткары, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш жана иш жуманын башында аба ырайы кандай болору айтылды
Абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —1…-3 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз 4…9 градус жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —2…-7 градус, күндүз 0…-5 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —7…-12, күндүз —2…-7 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоодо мал кармоону кыйындатат. Ошондой эле үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу.

Андан сырткары, аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам ЖКККББ менен облустук ИИББдер Төө-Ашуу менен Боом капчыгайларында автоунаанын аралыгы менен ылдамдыкты так сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0