Сүрөт жөнөтүп кууратасыңар! WhatsApp тайпадагылар кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Жоомарт УраимовWhatsApp группа
WhatsApp группа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техника өнүккөндөн кийин мурдагыдай почта аркылуу кат алышмай тып эле токтоду. Баары электрондук түрдө болуп азыр жазган билдирүүң көз ачып-жумганча ээсине жетет. Социалдык тармактардын ыңгайлуулугу күндөн-күнгө жакшырып, байланышуу жолдору бир топ жеңил болуп калды.

Социалдык тармактардын ичинен эң эле актуалдуусу WhatsApp. Андан жеке кат алышуудан сырткары сүрөт, видео алмашып, чалышып, керек болсо жамааттык сүйлөшүүлөргө да мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошол WhatsApp тайпаларын колдонуу эрежелерин да билиш керек экен. Айрымдары ал жакта ар кимдин ар башка ою бар экенин эстен чыгарып коюшат. Күн-түн дебей майда-чүйдөнүн баарын жиберип, темадан сырткары маалыматтарды жазып жанды кашайтат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет WhatsApp тайпасындагы колдонуучулардын кыжырды кайнаткан жоруктарын тизмектеди. Аны үчүн беш-алты тайпага мүчө болуп, бирок андан чыга албай жүргөн жигит жардам берди.

Свадебное торжество - Sputnik Кыргызстан
Дасторкондо бир нерсе калсын! Тойдогулар кыжырды кайнатканда
Балакеттин баарын жөнөткөндөр. Ар бир WhatsApp колдонуучу 4-5 тайпага мүчө болсо керек. Жок эле дегенде "Туугандар", "Достор" деген эки тайпага кошулат. Кээде айрымдар аны жамааттык чат экенин эске албай, жеке баракчасындай колдонуп коёт. Эртең менен "Кутман таң!" деп гүлдүн, суунун үстүнө жазылган сүрөттөн төрт-бешти жиберет. Түш ооп калганда кооз тоолордун, жемиштердин, гүлдөрдүн сүрөтүн жөнөткөн болот. Кечке жуук динге байланышкан текст, сүрөт, видеолорду ыргытат. Ага башыңды чайкап отурсаң экинчиси пайда болуп фейк жаңылыктарды, бири-бирин шылдыңдаган же кайсы бир 5-10 жыл мурда өлкөдө болгон окуялардын видеосун жибере калат. Анысы аз келгенсип, дагы бири атам замандагы тамашаларды салганда нервиң түтөп, колуңдагы телефонду сууга ыргытып иейин дейсиң. Алар пайдалуу бир нерсе жөнөтүп жатам деп ойлойт окшойт. Айланайындар, аныңарды эч ким ачып көрбөйт, жөн гана телефонду толтуруп атасыңар. Кайра убара болуп өчүрүп чыгам. Ушул нерсени жөн эле койгулачы, сураныч!!!

Эки сөз жазыш колуңдан келбейби? Эми майрам күндөрүн айтпай эле коеюн… Жөнөтөөр алдында ойлоносуңарбы деги? Мага коёндун, иттин куттуктаган видеосунун эмне кереги бар? Видео анча эмес, куттуктоо жазылган сүрөттөрдү пачкалап жөнөтөсүңөр го, чиркин. Кудайым силерге ынсап, мага сабыр берсин! Андан көрө колуңар желип баратса да чын жүрөктөн эки сөз жазып койгулачы, ошондо ыраазы болуп сүйүнүп калам. Мени деле туура түшүнгүлө, майрамдын эртеси телефонумдагы сүрөт, видеолорду өчүрүп отургум келбейт.

Просмотр матча ЧМ-2018 по футболу между сборными России и Египта - Sputnik Кыргызстан
Үнүң өч, адамды уктатасыңбы! Футбол күйөрмандары кыжырды кайнатканда
Жираф болуп калгандар. Достор, туугандар же кесиптештер бир маселени талкуулап урушуп-талашып, акыры ымга келип отуруп каласың. Бир-эки сааттын ичинде 200дөй кат алмашуу болуп кетет. Баары бүттү го деп отурсаң бирөөсү булуттан чыккан айдай болуп "эмне болуп кетти, түшүндүрүп койгулачы" дейт. Башка чапса… Түштөн кийин жираф болуп чыга калбай, өзү эле баштан-аяк окуп албайбы. Ага баарын ким түшүндүп бермек эле?..

Колуңардын жели кетеби? Кээ бирлери тайпага жазып жатканын билбейби же атайлайбы, ар бир сөздү (сүйлөмдү эмес) өзүнчө жөнөтүп мээни ачытат. Мисалы:

— Салам
— Ким каякта?
— Эмне кылып жатасыңар?
— Жанагыны сурайын дегем
— Айылдан картошка алып келгем, албайт белеңер?..

Андан да жөн эле жазып койбой аудио билдирүү жөнөткөнүн кантесиң. Узун бир нерсени айтса мейли, кашайып "Ооба, ошондой кылыш керек" дегенди да аудио менен сүйлөп жөнөткөндө баш чайкап каласың.

Сабатсыздыкпы же жалкоолукпу? "оа", "ова", "кк", "кандайс", "дс кандай"… Карап отуруп жазышуунун өзүнчө ариби, тили пайда болдубу дейсиң. Менимче, сабаттуулук эч кимдин көркүн бузган эмес. Кандай дейсиз?

Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эшикти катуу жапканда ыргып кетейин дейм! Жүргүнчүлөр кыжырды кайнатканда
Тайпалардын улуусу ушул. Туугандардын тайпасын өзүнчө айтып кетпесек болбос. Бул жерде сылык-сыпаа, чоңдор эмнени айтса ошону угуп отурасың. Мындай тайпалар кайсы бир тойдун алдында ачылат. Башында бири-бириңди сурап, жаңылыктарды айтып кызык болот да жанагы той өткөндөн кийин болду, унутулат. Эки-үч активдүү тууганың калып бири-бири менен жазышып, ара чолодо "Туугандар ким бар? Эмне жазбай калдыңар?" деп кыйкырып коюшат. Анысына деле көңүл бурбай, унчукпай карап тим болосуң. Башка тайпалар болсо ойлонбой туруп чыгып кетесиң, бирок туугандардын тайпасынан кыжырың кайнап түтөп жатса да анте албайсың! Балекеттин баарын жөнөтсө да кайылсың.

Кызык элебиз ээ? Карасаң чоң эле адам, кээ бири эки-үч баланын ата-энеси болуп калган. Анан жазган нерсесин көрсөң, көңүлүң бузулат. Каяктагы бир узун тексттерди жөнөтүп, кыйраткансып "Мага да бирөөдөн келди, силерге жибербей коё албадым" деп актанат. Анысын окуп чыксаң аягында "Ушуну дагы 10 адамга жөнөт. Үч күндөн кийин үй, машина алып, сүйгөнүңө жолугасың. Эгер жөнөтпөсөң көчөдө каласың" деген таризде жазган болот. Ошого ишенип алганы таң калычтуу. Эгер ал чын болсо иштебей эле үйдө жатып ар кимге түрдү нерселерди жөнөтүп коюп байып кетпейт белек баарыбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0