Бишкек — Ош жолундагы кыш. Кар менен тумандын видеосу

Жазылуу
Ушу тапта трасса ачык болгону менен ӨКМ жолго чыкчу айдоочуларга дөңгөлөк алмаштырууну эскертти.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ишемби күнү Бишкек — Ош жолун туман басып, унаа тыгыны жаралганын күбөлөр маалымдап, Төө-Ашууда тартылган видеону жөнөтүшкөн.

Анда катуу жаап жаткан кар менен ой келди токтогон унааларды көрүүгө болот.

Мындан тышкары, күбөлөрдүн бири сүрөттөрдү жүктөгөн. 

ӨКМ кечээ туман каптап, кар жаап, жолдор тайгалак болгонун билдирди. Айрым жүк ташуучу унаалар менен жеңил машиналардын дөңгөлөгү жайкы болгондуктан түнгө жакын тыгын пайда болгон.

Министрлик Бишкек — Ош жолу менен түнкүсүн чыга тургандарды 112 кызматына чалып коюуну өтүнөт.

Ушу тапта жол ачык экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0