Тигүүчү, тамада, ырчы. Өз кесибинен тыш кошумча жумушта иштеген мугалимдер

Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүндө Кыргызстанда эң аз айлыктын ээси мугалимдер болуп чыккан. Алардын орточо тапкан акчасы 11 миң сомго да жетпей, бир жылда болгону 246 сомго өскөн.

Окутуучулардын арасында 5000 сомго иштегендер да бар. Мындан улам айрымдары каражат табуунун кошумча булагын өздөштүрүп алган.

Айлыктын аздыгынан ар кандай жумушта иштеген мугалимдер туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги материал даярдады.

Тигүүчү

Перизат Таалайбекова Бишкек шаарындагы №85 орто мектепте орус тилинен сабак берет. Жайкы каникулда ал тигүү цехинде иштеп, аз да болсо акча чогултуп алган. Акчанын аздыгынан азыр деле анда-санда түнкүсүн тигүү цехине барып кошумча каражат таап аларын айтты.

Учительница начальных классов в Бишкекской школе №10 Альбина Арстанбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Дене тарбиячы, физик, информатик. Бишкектин ажарлуу мугалимдери сүрөттө
"Мурда башталгыч класстарга сабак берип жүргөндө 24 саат менен иштечүмүн. Мугалимдин акысы өзүңөр билгендей саатка жараша бааланат эмеспи. Анда 9000 сом айлык чыкчу. Быйыл болсо чоң класстарга сабак бере баштадым, 20 эле саат. Анын үстүнө класс жетекчи да кылып коюшкан. Ал үчүн 1500 сом эле кошулат. Кошумча каражат табууга убакыт жетпей калат. Ошентсе да кез-кезде тигүү цехине түнкүсүн барып иштеп, майда-чүйдө акча таап алам. Каникул учурунда тикмечиликтен жумасына 4000 сомдон алчумун. Бирок ал жакта көп иштесең ден соолук болбой калгыдай", — деди Таалайбекова.

Ал "Жаш мугалим депозити" программасына жазылып койгонун да кошумчалап кетти.

Үч баланын энеси Рахат Бердибаева да бир эле убакта мугалим да, тигүүчү да болуп иштейт. Үйүндө өзүнүн тигүүчү машинасы болгондуктан, жолдошу менен кечкисин, дем алыш күндөрү буйрутма алып кийим тигишет.

"Кыргыз тилинен сабак берем. 30 саат менен иштеп, 15 000 сом айлык алам. Бирок балалуу адамга ал жетпейт экен. Анын үстүнө акчанын көбү жол кире, тамак-аш, көрсөтмө куралдарга кетип калат. Студент кезимде тикмечиликти үйрөнүп алгам. Азыр анын пайдасы тийип, дем алыш күндөрү 60 сомдон 10 көйнөк тиксем да күнүнө 600 сомдон таап алам", — деди Обомбаева.

Тамада, алып баруучу

© Фото / из личного архива Адилета АмангуловаБишкектин Бакай-Ата конушундагы №85 мектепте информатика сабагынын мугалими Адилет Амангулов
Учитель информатики в школе №85 жилмассива Бакай-Ата Адилет Амангулов - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Бакай-Ата конушундагы №85 мектепте информатика сабагынын мугалими Адилет Амангулов

Адилет Амангулов Бишкектин Бакай-Ата конушундагы №85 мектепте информатика сабагынан мугалим. Ага кошумча мектепте лаборант дагы болуп иштеп, баарын кошкондо 8000 сом айлык алат. Бирок бул акча жетпейт деген окутуучу кечкисин тойлордо тамадалык кызмат аткарат экен.

"Сабактарымдын көбү түш ооп калганга чейин бүтөт. Өзүңөр билгендей айлык маяна аз, шаарда болсо баскан-тургандын баары акча. Анан Кудай берген талантым менен кечкисин тойлорго чыгып тамада болом. Бир тойду 100-300 долларга чейин алып барам. Бирок күндө эмес, буйрутмага жараша" — деди Аманкулов.

Информатика мугалими мындан сырткары, YouTube каналына жарыяланган кыргызча маалыматтарга үн коштоп дагы акы аларын кошумчалады.

Дистрибьютор

Дүкөндө ичкилик сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучума арак сатканда жүрөгүм тилинет... Мугалимдер жайкысын кантип жан багат
Адилет Мыктыбеков калаадагы №20 кесиптик лицейде тарых сабагынын мугалим. Убагында 30 саат алып иштеп, айлык маянасы көтөрүлбөгөнүнөн суу тазалаган компанияга дистрибьютор болуп орношуп алган.

"Эки жумушту бирдей алып кетүүгө туура келди. Анткени канчалык саатың көп болсо деле акча аз. Анын үстүнө мугалимдердин эмгек тажрыйбасы да кээде маянага таасирин тийгизет. Мындан улам башка жумуш караштырдым. Азыр лицейде бир жумада төрт эле саатым бар. Аныма 1200 сом төлөнөт. Салыштырмалуу суу тазалаган компаниядан көбүрөөк акча чыгат. Мугалимдин айлыгы жакшы болсо ар кайсы жумушта иштебейт элем", — деди Мыктыбеков.

Ырчы

© Фото / из личного архива Торобека Жыргалбекова№5 мектеп-гимназияда музыкалык көркөм жетекчи Төрөбек Жыргалбеков
Музыкально-художественный руководитель школы-гимназии №5 Торобек Жыргалбеков - Sputnik Кыргызстан
№5 мектеп-гимназияда музыкалык көркөм жетекчи Төрөбек Жыргалбеков

№5 мектеп-гимназияда музыкалык көркөм жетекчи Төрөбек Жыргалбеков мугалимдик кесиптен тышкары кошумча жумушта иштегендердин катарын толуктайт. Ал кез-кезде тойлорго чыгып ырдап акча табарын жашырган жок.

"Мектептен алган айлыгым 8000 сом. Өзүбүздүн аккардеончу, комузчудан турган топ бар, айрым учурда тойлорго чыгып ырдайбыз. Төрт-беш ырыбыз үчүн бир тойдо 3500-6500 сомго чейин табабыз. Кошумча жумуш негизги кесибиме тоскоолдук деле жаратпайт, тескерисинче экөө бири-бирин толуктап турат", — деди Жыргалбеков.

Репетитор

© Фото / из личного архива Жылдыз КожониязовойСокулуктагы №2 орто мектебинде англис тилинин мугалими Жылдыз Кожониязова
Преподаватель английского языка в Сокулукской школе №2 Жылдыз Кожониязова - Sputnik Кыргызстан
Сокулуктагы №2 орто мектебинде англис тилинин мугалими Жылдыз Кожониязова

Учурда мугалимдин көбү репетитор болуп да кошумча каражат табышат экен. Алардын бири Жылдыз Кожониязова.

Кожониязова учурда Сокулуктагы №2 орто мектебинде англис тилинен сабак берет. 30 саат алып иштеген окутуучуга айына 13 миң айлык чыгат.

Окуучулар сабак учуранда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдер кыскарса эле мектептеги билим берүү оңолобу? Маселенин күңгөй-тескейи
"Балдарына англис тилин окутууга далалат кылган ата-эне көп. Мындан улам мен балдарга үйдөн да тил үйрөтөм. Репетиторлук кызмат акым саатына 100 сомдон бааланат. Англис тили дүйнө тили болгондуктан кызыгып келген балдар көп эле. Мындан сырткары, жумасына бир жолу 5-класска кошумча сабак өтүп 1500 сом алам", — деди Кожониязова.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, учурда Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң сомду түзөт.

P.S. Айрым мугалимдер макалага сүрөтүн жарыялоодон баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0