Депутат: куш тумоосу деп жатып ишкерлерге тоскоолдук жараткан жокпузбу?

Жазылуу
Эл өкүлү Казакстандан келип жаткан канаттуу этинде куш тумоосу бар деп мамлекеттик телерадиокомпаниялар маалымат бербегенин айтты.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева Кыргызстандын Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынан Казакстандан Кыргызстанга келип жаткан канаттуу этине чектөө киргизгени боюнча маалымат парламенттин профилдик комитетине келбегенин билдирди.

Учурда депутаттар ар түрдүү маселелерди карап жатат.

Эл өкүлү мындай тыюу салуу боюнча мамлекеттик телерадиолор дагы айтпаганын белгиледи. Анын айтымында, аты аталган инспекция WhatsApp мессенджери аркылуу тарап жаткан маалыматтын чын-төгүнүн бышыктоо үчүн да маалымат тараткан эмес.

"Бул аракеттер менен керектөөчүлүрдүн укугун, бул жаатта иш алып барган ишкерлердин жумушуна тоскоолдук көрсөтүп жаткан жокпузбу?" — деп суроо салды депутат.

Туманбаева ошондой эле Казакстандын Айыл чарба министрлиги бул маалыматты төгүнгө чыгарып жатканына токтолду.

"Грипптин инкубациялык маалы 3 күн экен, бул дарт бизде өтүп кетти деп ойлойм. Тамак-аш коопсуздугун жакшы карасак", — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы Казакстандан тоок этин импорттоого чектөө киргизген. Буга куш тумоосу жүрө баштады деген шек себеп болгон. Ал эми Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстанга тоок этине киргизилген чектөөнү мыйзамсыз деп атаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0