Телефон уурдалганда карайлабай эмне кылуу керек? ИИМ менен IT адистен кеңеш

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи карманной кражи в Бишкеке
Случаи карманной кражи в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлигинин 2018-жылга карата жарым жылдык статистикасы боюнча Бишкек шаарында чөнтөк уурусу менен 586 адам катталса, аны 306сында уюлдук телефондорго байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бирок бул кагаз жүзүндөгү эле мисалдар. Телефонун жоготуп, арыз жазып даттанбаган адам канча?

Старт продаж iPhone 8 и iPhone 8 Plus - Sputnik Кыргызстан
Телефондорду каттатып баштасак, баасы кымбаттайбы? Ишкерлердин жообу
Көп учурда жабырлануучулар уюлдук телефондорун эл көп топтолгон жерде жоготуп аларын айтып келишет. Баарыбызга маалым болгондой Бишкекте кыймыл көп. Шаар тургундарынын саны 1 миллион 300 миңди түзөт. Калкты 2700гө жакын маршрутка жана 250дөй автобус тейлейт. Ошондой эле соода жайларынын саны жүздөп саналат.

Мындан улам редакция уюлдук телефонду жоготуп алган адам кандай кадамдарга барышы керек экендигин жана уурулуктун алдын алуу жолдорун билип көрдү. 

Милицияга уюлдук операторлор чоң жардамчы

Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүнүн башчысынын орун басары Чолпонбай Сатыбалдиевдин айтымында, аппараттарды издөө иши уюлдук операторлордун көмөгү жок ишке ашпайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүнүн башчысынын орун басары Чолпонбай Сатыбалдиев
Замначальника следственной службы ГУВД Бишкека Чолпонбай Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүнүн башчысынын орун басары Чолпонбай Сатыбалдиев

"Жабырлануучудан арыз түшүп кылмыш иши козголгондон кийин телефон номери менен IMEI кодун уюлдук оператордун компаниясына өткөрүп беребиз. Алар уурдалган телефон ээсинен ажырагандан кийин канча жолу чалуу кызматын аткарганын жана болжолдуу түрдө каякта жүргөнүн аныктаган маалымат берет. Биз ошол боюнча тергеп баштайбыз", — деди Сатыбалдиев.

Ал кылмышка шектүүлөр уурулук фактысы аныкталса үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендигин кошумчалады. Ошондой эле жабырлануучуга келтирилген чыгым төлөнүп же арыздан баш тартса, айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигин жеңилдете алат. 

Эмнеге айрым телефондор табылбай калат?

© Sputnik / Табылды КадырбековСатыбалдиев: көп учурда уурулар телефонду уурдаганда аны сатып жиберишет же тетиктерин ажыратып өткөрүшөт
Деньги с телефоном  - Sputnik Кыргызстан
Сатыбалдиев: көп учурда уурулар телефонду уурдаганда аны сатып жиберишет же тетиктерин ажыратып өткөрүшөт
Сатыбалдиевдин айтымында, телефонду кымырып алгандардын дээрлик бардыгы аны сатып ийүүгө аракет жасашат.

"Тергөө иши бир жумадан бир айга чейин созулат. Көп учурда уурулар телефонду уурдаганда аны сатып жиберишет же тетиктерин ажыратып өткөрүшөт. Өлкө ичинде болсо бир жөн, чет мамлекетке сатып ийгендар бар. Мындан улам уюлдук операторлор чалуулар менен жүргөн жерин аныктай албай убара тартат. Бизге да ошону менен маалымат түшпөйт. Биз уурулук фактысынын кандай гана түрү болбосун жоопкерчилик менен мамиле жасайбыз. Телефондун арзан, кымбатына карап иш жүргүзмөй жок", — деди тергөөчү.

Ошондой эле ИИМ Бишктектеги ири соода борборлорундагы аппарат сатуучуларга маалы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турарын кошумчалады.

Ал белгилегендей, милиция кызматкерлери Орто Азиянын укук коргоо органдары менен биргелешип иш алып барышат.

Жабырлануучунун кулагына күмүш сырга: 

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук операторлор IMEI коддун жардамы менен телефон ээсинен ажырагандан кийин канча жолу чалуу кызматын аткарганын жана болжолдуу түрдө каякта жүргөнүн аныктаган маалымат табат
Сим-карта на мобильном телефоне  - Sputnik Кыргызстан
Уюлдук операторлор IMEI коддун жардамы менен телефон ээсинен ажырагандан кийин канча жолу чалуу кызматын аткарганын жана болжолдуу түрдө каякта жүргөнүн аныктаган маалымат табат

— Сак болуңуз. Ар убак жаныңыздагы буюмдарды толуктап туруңуз;

— Телефон жоголгон күндөн тарта убакыт өткөрбөй өзүңүзгө жакын жактагы милиция бөлүмүнө арыз жазыңыз;

— Арыз жазганда телефондун коробкасында жазылган IMEI коддун көчүрмөсүн кошуп бериңиз. Эгерде коробкасын жоготуп жиберсеңиз, номуруңузду таштайсыз (IMEI кодду номер аркылуу уюлдук компания аныктайт); IMEI (International Mobile Equipment Identity) — эл аралык мобилдик жабдыктарды идентификациялоо.

— Эски телефонду сатып алгандан деле алыс болгонуңуз жакшы. Себеби ал деле уурдалган болушу мүмкүн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө сиз дагы суралып калышыңыз ыктымал.

IT адиси Михаил Дудин эмне дейт?

© Sputnik / Табылды КадырбековIT адиси Михаил Дудин
IT-специалист МИА Sputnik Кыргызстан Михаил Дудин  - Sputnik Кыргызстан
IT адиси Михаил Дудин
Эгер сиздин телефон андроид системасында болсо, "менин андроид түзүмүмдү табуу" кызматын колдонсоңуз болот. Бул үчүн сиз жоголгон телефонуңузда катталган баракчанын логин менен сыр сөзүн тересиз. Ал жактан уюлдук телефонуңуздун кайда экенин болжолдуу түрдө көрсө болот. Ошондой түзүмдү блоктоп, телефондогу маалыматтарды өчүрүп салууга мүмкүн. Аппарат табылганда сизге кабар берүү үчүн "блоктоп салуу" кызматынын жардамы менен экранга өзүңүздүн номериңизди тересиз. Ошону менен жоголгон телефондогу маалыматтар сиз гана билген пин-код же дагы башка ыкманын жардамы менен кулптанат.

Ушундай эле мүмкүнчүлүктөр iPhone смартфонунда да бар

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүДудин: жоголгон телефонуңузда катталган баракчанын логин менен сыр сөзү эсиңизде болсо, аны жаңы смартфонго терип уюлдук телефонуңуздун кайда экенин болжолдуу түрдө көрсө болот.
Старт продаж iPhone X начнется в России 3 ноября - Sputnik Кыргызстан
Дудин: жоголгон телефонуңузда катталган баракчанын логин менен сыр сөзү эсиңизде болсо, аны жаңы смартфонго терип уюлдук телефонуңуздун кайда экенин болжолдуу түрдө көрсө болот.
Албетте, өйдөдө аталган кызматтарды уюлдук телефонуңузга болжолдуу түрдө тууралап аласыз. Эгерде кулптанбаган телефонуңузду жоготуп алсаңыз, ичиндеги маалыматтардын коопсуздугун сактоо үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:

— Google (icloud) сакталган сыр сөздүктү алмаштыруу;

— Бардык социалдык тармактагы, электрондук почтадагы сыр сөздөрдү алмаштыруу;

— Жакын жактагы уюлдук телефонду тейлеген оператор менен байланышып, сим-картанын жуп нускасын (дубликат) алуу;

— Номердин жуп нускасын жаңы телефонго салып мессенджерлерге (WhatsApp, Telegram жана башка) кайра катталсаңыз болот.

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүIT адистин айтымында, коопсуздук үчүн телефондун экранын өзүңүзгө ыңгайлуу ыкма менен блоктош керек
Старт продаж iPhone X начнется в России 3 ноября - Sputnik Кыргызстан
IT адистин айтымында, коопсуздук үчүн телефондун экранын өзүңүзгө ыңгайлуу ыкма менен блоктош керек

Телефондогу жеке маалыматтарды коргойм деген жабырлануучуга кеңеш:

— Экранды сөзсүз түрдө өзүңүзгө ыңгайлуу ыкма менен блоктоңуз;

— Мындан сырткары, социалдык тармактарга өзүнчө кулпу жасасаңыз болот;

— Убагы менен "телефонду табуу" кызматын тууралап, текшерип туруңуз. 

Эс-тутум картанын ичиндеги сүрөт, видеолор эмне болот?

Телефонду жоготуп алуу оңой. Ошондуктан маалыматтарды ар дайым смартфондун резервдик көчүрмөсүнө сактоо зарыл. Же болбосо компьютерге сактап коюңуз. Мындан сырткары, файлдарды шифрлеп, сиз гана ача алгыдай кылып койсоңуз болот.

Телефондорду каттатып алып көтөрсөк, уурдалбай калабы?

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефон жоголгон учурда жакын жактагы уюлдук телефонду тейлеген оператор менен байланышып, сим-картанын жуп нускасын (дубликат) алууга мүмкүн
Самакова лишили интернета и мобильной связи - Sputnik Кыргызстан
Уюлдук телефон жоголгон учурда жакын жактагы уюлдук телефонду тейлеген оператор менен байланышып, сим-картанын жуп нускасын (дубликат) алууга мүмкүн
Үч ай мурда Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети уюлдук телефондорду каттоо боюнча мыйзам долбоорунун жобосун сунуштап, министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырган. Учурда документ коомдук талкууда турат.

Кыргызстанда кылмыш кылгандар кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кылмышты ким жасайт. Криминал боюнча статистика
Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматовдун айтымында, мыйзам ишке кирген соң телефон же смартфонго атайын IMEI-код коюлуп, ээсинин паспорту аркылуу катталат. Жоголуп кеткен күндө да жарандар мекеменин сайтына кирип, тиешелүү операцияларды аткаруу менен кодун өчүрүп койсо, аппарат иштебей калат. Каттатуунун баасы 100 сом боло турганы да айтылган.

Аматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде телефон аппараттарын, планшеттерди, дегеле, сим карта салып көтөргөн байланыш каражаттарын каттоодон өткөрүү зарылбы, бул процесс качан башталат, баасы кескин кымбаттап кетпейби деген өңдүү бир канча суроолорго жооп берген

Ошондой эле ишкерлер телефондорду каттатып баштасак, баасы кымбаттайбы же жокпу деген суроонун алкагында ой калчаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0