Махабат Мавлянова: коом моралдык жактан деградация болуп жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Махабат Мавлянова
Депутат ЖК Махабат Мавлянова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат айрым кишилер сөгүнүп-сагынга чейин барып, анын кашыктап чогулткан ар-намысын бир күндө жер менен жексен кылууга аракет кылганын айтты.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова 4-октябрда парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча визасыз режим тууралуу айткан сунушу абдан бурмаланганын бүгүнкү жыйында айтты.

Андан сырткары, эл өкүлү социалдык тармакта анын ар-намысына шек келтирген аракеттер дагы болгонун кошумчалады.

"Менин жеке өзүмө, өң-келбетиме, абийириме, уят, ар-намысыма чейин талкууга түштү. Буга чейин деле мамлекеттик кызматкерлерге, жөнөкөй адамга карата кээ бирөөлөр кара пиар жасап келишкен. Бирок бул жолу чектен чыгып кээ бир маданияты жок адамдар сөгүнүп-сагынгандан тышкары акчага буйрутма аткарган фейк группалар депутаттык мандатымды ыраа көрбөгөн ар кандай чакырыктар, карикатураларды биринин артынан бирин чыгарып, кашыктап чогулткан абийиримди, ар-намысымды, элге кылган ак кызматымды жер менен жексен кылып, бир күндө тебелеп жок кылгылары келди. Аларды менин адамдык укугум, үй-бүлөм, балдарым, урук-тууган, коңшу-колоң, куда-сөөк, кайын журтум бар экени кызыктырган жок. Моралдык этикалык норманын чегинен чыгып, коомубуздун кээ бир катмары моралдык деградация болуп жатканын айгинеледи. Мунун артында саясий оппоненттер турганына да көзүм жетти. Ошондой эле социалдык тармакта адамдын намысын коргогон чараларды көрбөсөк менин ордумда ар бир жаран болуп калышы мүмкүн", — деди депутат.

Кытайлардан шек санай бербейли! Мавлянованын виза боюнча түшүндүрмөсү - Sputnik Кыргызстан
Кытайлардан шек санай бербейли! Мавлянованын виза боюнча түшүндүрмөсү
Эл өкүлү ошондой эле "эч нерсе кылбаган адам тууралуу эл сүлөбөйт деп коёт эмеспи, демек мен иштеп жаткан экенмин" деген пикирин кошумчалады.

"Менин жеке жашоом тууралуу да жаман сөздөр айтылды. Туура, мен бизнестен бутума турдум. Кээ бир жарандар таттуу уйкуда жатканда мен үч саат гана уктаган күндөрүм көп болгон. Албетте, бул бизнести түптөө жеңилге турган жок", — деди Мавлянова.

Депутат андан сырткары бизнестеги кишилер жоопкерчиликти мойнуна алганды билерин кошумчалады.

"Бизнестеги адамдар мойнуна жоопкерчиликти алганды билет. Бизнесин кеңейтүү үчүн акыркы үй-жайын күрөөгө коюп кредит алат, банкка мүлкүн тарттырып жибербеш үчүн жанын аябай иштейт. Мен да ошондой жол менен өнүктүм. Бизнес мени жоопкерчиликти сезе билүүгө тарбиялады. Адал иштин арты бакыт. Ошондуктан Жогорку Кеңешке депутат болуп келип эл үчүн иштөөгө белсенгем", — деди ал.

Мавлянова сөзүнүн аягында аны моралдык жактан колдогон кесиптештерине жана бардык кишилерге ыраазычылыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0