КР жарандары канча өлкөгө визасыз кире алат? Паспорттор рейтинги

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта "Жуковский"
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери кыргызстандыктар үчүн визасыз режим иштеген өлкөлөрдүн саны өстү. Бирок паспорттор рейтингинде республиканын ээлеген орду ылдыйлап кеткен.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Паспорттордун жаңыланган рейтингинде Кыргызстан 78-орунду ээлегенин Henley & Partners консалтинг компаниясы иликтеп чыкты

Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Адамзаттын өнүгүү индекси жарыяланды. Кыргызстан канчанчы орунда
Кыргызстандыктар визасыз 63 өлкөгө бара алат. Ушул эле сапта Түштүк Африкадагы Гана мамлекети жайгашкан. Андан төмөн Уганда менен Зимбабве, ал эми жогору жагында Сьерра-Леоне турат.

Эли 76 мамлекетке ээн-эркин бара алган Казакстан 69-орунда. Өзбекстан (59 өлкө) 82, ал эми Тажикстан (58) 83-сапты ээлеген.

Рейтингдин сап башында Япония турат, өлкө жарандары визасыз 190 өлкөгө кирип чыга алат. Анын артында Сингапур (189), Германия (188) мамлекеттери бар. Тизменин эң акыркы сабын Авганистан (30) ээлеп турат.

Бир жыл ичинде абал кандай өзгөрдү?

Акыркы рейтинг ушул жылдын январь айында жарыяланган. Анда Кыргызстан эки сап өйдө турганы менен визасыз 59 гана өлкөгө кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылган.

Казакстан эки орунга жогорулаган, Өзбекстан бир, Тажикстан эки сапка төмөндөгөнү көрүнүп турат. Ал эми рейтингдин башында Германия (177) турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0