Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Таласта +10…+15 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +12…+17 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл жана Нарын аймагында +10…+15 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы Бишкекте +14…+16, Ошто +15…+17 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0