Дарвин, Архимед, Эйлер. Илимпоздордун ысымы ыйгарылган кыргызстандыктар

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүЧарльз Роберт Дарвин. Архив
Чарльз Роберт Дарвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештер айрым учурда балдарына улуу окумуштуулардын да атын коет.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Айрым кыргызстандыктарга улуу окумуштуулардын ысымы ыйгарылган. Алардын бир катарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы шайлоочулардын тизмесине көз салып, таап чыкты. Бул жерде биометрикалык маалыматтарын тапшырган, эрезеге жеткен жарандар тууралуу сөз болууда.

Регионы России. Чукотский район Чукотского автономного округа - Sputnik Кыргызстан
Космонавт, Доктурбүбү, Шофер. Кыргызстандыктарга берилген өзгөчө ысымдар
Ага ылайык, өлкөдө Дарвин ысымын алган төрт адам жашайт. Эскерте кетсек, Чарльз Дарвин — англиялык улуу окумуштуу, биолог, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн келип чыгышы жөнүндөгү эволюциялык окуунун негиздөөчүсү.

Байыркы грек математиги жана инженер Архимеддин атын алып жүргөн дагы төрт кыргызстандык бар.

Швейцариялык, немис жана орус математиги, механик Леонард Эйлер көптөгөн илимдердин өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Бир мекендешибизге Эйлербек ысымы берилген.

Кыргызстандыктардын арасында Эдисон деген да киши бар. Томас Эдисон электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштап, Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкана негиздеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0