Россиянын кайсы университетине чет элдик студенттер артыкчылык берери айтылды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүГород Санкт-Петербург
Город Санкт-Петербург - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-2019-окуу жылында Россиянын университеттеринде окуйм деп жалпысынан 88 906 чет элдик студенттен арыз келип түшкөн.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Көпчүлүк чет элдиктер 2018-2019-окуу жылында Санкт-Петербург мамлекеттик университетин тандашкан. Аталган окуу жайга 4,2 чет элдик студент арыз берген. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Роскызматташуу уюмуна таянуу менен билдирди.

Экзамен тапшырып жаткан абитуриент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Университет, академияларды таппай жатасызбы? Өлкөдөгү ЖОЖдордун даректери
Экинчи орунга Эл достугу университети чыгып, чет элдиктерден 3378 арыз түшкөн. Үчүнчү орунду Казань федералдык университети (2194 арыз) ээлеген.

Чет элдик студенттер көбүн эсе "Дарылоо иши", "Экономика", "Эл аралык кызматташуу", "Менеджмент" жана "Юриспруденция" адистиктерин тандашкан.

Басылманын жазышынча 2018-2019-окуу жылында жалпысынан 88 906 чет элдик студенттен арыз келип түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0