Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЛетние веранды ресторанов и кафе Москвы
Летние веранды ресторанов и кафе Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Материалдан Бишкектин тамактануучу жайларына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кандай баа бергенин көрүүгө болот.

Эсиңиздерде болсо ушул жылдын 1-апрелинен баштап Экономика министрлиги жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Бишкек жана Ысык-Көл облустарындагы бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерип, алардын абалын көрсөткөн стикерлерди имараттын сыртына чаптамакчы болгон.

Жыл жыйынтыкталып бара жаткандыгына байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан октябрга чейин текшерилип бүткөн Бишкектеги кафе-ресторан, тез татымдардын тизмесин алды.

Приготовление полторы тонны бешбармака в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар этти мурдагыдан да көп жей баштады. Статистика
Коомдук тамактануучу жайларда кызмат көрсөтүүнүн коопсуздук деңгээли жөнүндө токтом ушул жылдын 10-январында кабыл алынган. Анын биринчи бөлүгүндө 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Бишкек жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар 12 айдын ичинде текшерилет деп жазылса, экинчи бөлүгү 2019-жылдын 1-апрелинде башталып, анда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынары айтылган.

Экономика министрлигинин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев чапталган стикерлер аркылуу кардар кайсы кафе же ресторанга кирип тамак ичүү кооптуу же коопсуз экенин сырттан кирип келе жатып эле биле алат деп айткан.

Жашыл түс талаптарга туура келет дегенди билдирсе, сары түс аталган жайды бир аз жакшыртуу зарыл дегенди түшүндүрөт. Ал эми кызыл кыйла жакшыртуу керек деген маанини билдирет.

Баса белгилей кетчү нерсе, стикер аркылуу кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер бааланбайт.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулованын айтымында, баалоо төмөнкү критерийлерге таянуу менен жасалган;

— кафе, бар же ресторандагы тамак-аштын адам ден соолугуна зыяндуулугу;

— тастыкталган документтердин бар-жогу;

— ашканасынын абалы;

— эт жууп, жер-жемиш сактаган бөлмөлөрүнүн саны;

— тамак-аштын бышкандан кийинки сапаты;

— иштеп жаткан кишилердин медициналык справкаларынын бар-жогу. 

© Фото / предоставлено Бакытом ДавлеталиевымСтикер аркылуу кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер бааланбайт.
Стикеры для оценки качества обслуживания и питания в кафе - Sputnik Кыргызстан
Стикер аркылуу кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер бааланбайт.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махаммадхалил Мурзашев Бишкек шаарынын бардык кафелери текшерилип бүтө электигин айтып, жыл соңуна чейин бул тизме дагы жаңылана турганын кошумчалады.

"Бишкекте жалпысынан 1000дей объект бар. Алардын айрымдары иштебей жабылып калган болсо, кээ биринин ээси алмашып кеткен. Эми төртүнчү квартал калды, октябрь, ноябрда дагы калган тамактануучу жайлар текшерилет. Бул негизи эл аралык уюмдун Экономика министрлиги менен түзүлгөн пилоттук долбоору болгондуктан жаңы жылда долбоордун ишинин жыйынтыгы, канчалык жемиштүү болгону каралат. Азыр бул долбоорду эл аралык уюм каржылап жатат, эгер ал улана турган болсо өкмөттүн аны каржылоого каражатынын жетээр-жетпеси да жыл аягында талкууланат. Долбоор апрель айында башталгандыгына байланыштуу биринчи кварталга кирген кафелер текшерилген жок. Азыр бул тизмеде 2-3 кварталдык планга киргизилген кафе-ресторан, барлар каралды. Эми төртүнчү кварталдыкын жыл соңунда беребиз", — деди Мурзашев.

Баса, бул долбоордун алкагында Ысык-Көлдүн тамактануучу жайлары да текшерилмек, ал жактын тизмесин кийинчерээк жарыяламакчыбыз.

Алдыдагы инфограмдан Бишкектин кайсы тамактануучу жайына кандай стикер чапталганын билип алыңыздар.

Белгилей кетсек, тизме Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан түзүлгөн. 

Эскертебиз, жашыл түс — талаптарга туура келет дегенди билдирсе, сары түс бир аз жакшыртуу зарыл дегенди түшүндүрөт, ал эми кызыл кыйла жакшыртуу керек деген маанини билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0