Кыргызстандын ири ишканаларын ким тескейт? Таскагы катуу 8 жетекчи

© AP Photo / Eugene HoshikoОфисное здание в районе Шимбаши в Токио
Офисное здание в районе Шимбаши в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кишилердин чечиминен көп миллиондук келишимдердин жыйынтыгы көз каранды. Кыргызстандын ири ишканаларын кимдер жетектей турганын билип көрөлү.

БИШКЕК, 8-окт — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет кайсы атамекендик компания өткөн жылга карата өндүрүштүк жана каржылык ишмердиктин жыйынтыгы боюнча алдыга озгонун аныктады. Тоо-кен иштетүү, уюлдук операторлор жана республиканы энергетика менен камсыздоого жооптуу ишканалар алдыңкы саптан орун алган. Аларды аныктоодо кызматкерлердин саны, түшкөн киреше, баланстык пайда, дүң киреше жана операциялык пайда эске алынгандыгын Улуттук статкомдун каржылык статистикалык бөлүмүнөн кабарлашты.

Бирок Sputnik Кыргызстандын редакциясын кирешенин супсак сандары эмес, алдыңкы ишканаларды ийгиликке сүрөгөн инсандар кызыктырды. Өлкөнүн ири компанияларын кимдер тескей тургандыгын карап чыгууну эп көрдүк.

Дэниел Дежарден, "Кумтөр Голд Компани" ЖАК

© Фото / предоставлено "Кумтор Голд Компани""Кумтөр Голд Компани" ишканасынын президенти Дэниел Дежарден
Президент Кумтор Голд Компани Дэниел Дежарден - Sputnik Кыргызстан
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын президенти Дэниел Дежарден
"Кумтөр Голд Компани" ЖАК Кумтөр алтын кениндеги иштин бүтүндөй өндүрүштүк цикли үчүн жооптуу. Ишканада жалпы 4 миң адам иштейт. "Кумтөрдүн" штаттык кызматкерлеринин 97 пайызы — Кыргызстандын жарандары.

Флаг Кыргызской Республики на заседании - Sputnik Кыргызстан
Элдин балдары... Жогорку кызматты ээлеген жаштардын тизмеси
Дэниел Ричард Дежарден үч жылдан бери компаниянын президенти болуп келет. Ал Канаданын университеттеринин биринен соода тармагы боюнча бакалавр даражасын алып чыккан. Андан тышкары, тоо өнөр жай экономикасы жана иш башкаруу боюнча магистрдик даражасы бар.

Алтын казуучу ишкананын президенттигине дейре ал тоо өнөр жай тармагында 26 жылдык өмүрүн арнап, төрт континентте иштөөгө үлгүргөн. Анын иш чыйырында "Ньюмонт Голд" жана Сьерра-Леондо алтын темир казып алуучу "Лондон Майнинг Компани" өңдүү компаниялар бар.

Эки жыл мурун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Дежарденди сот өкүмдөрүн аткарбагандыгы үчүн кылмыш жообуна тартууну көздөгөн. Бирок эмнегедир ошол боюнча иштин дымы чыкпай калды.

Аскар Эшимбеков, "Электр станциялары" ААК

© Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции""Электр станциялары" ААКнын башкы директору Аскар Эшимбеков
Генеральный директор ОАО Электрические станции Аскар Эшимбеков - Sputnik Кыргызстан
"Электр станциялары" ААКнын башкы директору Аскар Эшимбеков
Өлкөдө электр энергиясын иштеп чыгуу дээрлик толугу менен "Электр станцияларынын" мойнунда. Акционердик коом 17 жыл мурун "Кыргызэнергону" кайра түзүүдөн кийин пайда болгон, акциялардын 94 пайызы мамлекеттин үлүшүнө туура келет. Ишканада 4500дөн ашык адам эмгектенет.

Аскар Эшимбеков компаниянын башкы директорлугун бир нече айдан бери аркалоодо. 1-октябрда ал 56 жашка толду, өмүрүнүн жарымынан көп бөлүгүндө ал энергетика тармагында адис болуп иштеген. И.Раззаков атындагы КМТУну электр станциялары, түйүн жана тутумдар адистиги боюнча бүтүргөн. Эшимбековдун кызматтык карьерасы Ош ТЭЦинде башат алган. Ошондой эле анын кызматтык тепкичинде Ош шаардык кеңеши, Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс бөлүмүнүн эксперттиги да бар.

Галстук тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
2014-2015-жылдары Эшимбеков "Түндүкэлектр" АККсын жетектеген, бирок директорлор кеңешинин чечими менен ишинен четтетилген. Быйыл майда "Электр станциялары" ААКнын башчылыгына дайындалган.

Бул орунду андан мурун ээлеген Узак Кыдырбаев бир жыл да кармалган эмес, жазында ага ТЭЦтеги кырсыктан улам КР Кылмыш кодексинин 221-беренеси, "Коммерциялык уюмдардын кызматкерлери тарабынан ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалангандыгы" үчүн кылмыш иши козголгон. Андан сырткары, бул иш боюнча "Электр станцияларынын" мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов да кармалган. Ал ишкананы 2012-жылдан 2014-жылга чейин башкарган. Эки экс-директор тең УКМКнын тергөө абагында камакта.

Ильяс Тулекеев, "КАЗ Минералс Бозумчак" ЖЧКсы

"KAZ Minerals" — Лондон менен Казакстандын фонддук биржаларында катталган жез кенин казуу жана байытуу боюнча иштеген эл аралык компания.

Анын карамагында кенди байытуучу алты фабрика жана алты кен бар, алардын бири — Кыргызстанда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан "Бозумчак" кени. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматтар боюнча 2017-жылы аталган кенден 8 миң тонна жез жана 41 миң унций алтын өндүрүлгөн, ал эми ишканалар тобунун жалпы капитализациясы 4 миллиард долларды түзгөн.

Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Теңтуштары оромпой тээп жүргөндө саясаттан ордун тапкан 9 адам
"КАЗ Минералс Бозумчак" ЖЧКсынын башкы директору Ильяс Тулекеев инженер-металлург адистиги боюнча Казак улуттук техникалык университетин, Рыноктун евразиялык институтун ("каржы жана экономика") аяктап, РФ президентинин алдындагы эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат россиялык академиясынын Эл аралык ишкердик боюнча магистрдик даражасын алган.

"KAZ Minerals" компаниясында Тулекеев 2006-жылдан бери иштей баштаган, беш жылдан соң ал компаниянын курамындагы ишканалардын бирин — Кыргызстандын түштүк-батышындагы Бозумчак жез кенин жетектеди.

Быйыл май айында ал Бишкектин аэропортунда кармалган. Каржы полициясы Тулекеевден салыкты жашыруу боюнча шек санап, бирок эртеси эле ал сот залынан бошотулган. Биринчи май райондук соту тергөөнүн камакка алуу өтүнүчүн четке каккан. Бул окуядан соң "KAZ Minerals" компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын бюджетине эсептөөдөн кийинки алынган салыктар боюнча талаштар андан мурунку жылы эле башталганын билдиришкен.

Азат Базаркулов, "Альфа Телеком" ЖАК

© Фото / Алишер Хасанов"Альфа Телеком" ЖАК башкы директору Азат Базаркулов
Генеральный директор компании MegaCom Азат  Базаркулов - Sputnik Кыргызстан
"Альфа Телеком" ЖАК башкы директору Азат Базаркулов
MegaCom соода маркасы менен белгилүү болгон "Альфа Телеком" ЖАК — 3 миллион абонентти мобилдик байланыш менен камсыз кылган, Кыргызстандын ири уюлдук оператору.

Азыркы тапта компаниянын акцияларынын жападан жалгыз ээси мамлекет болуп саналат. Үч жылдан бери эле өкмөт "MegaCom" ишканасын сатууга белсенип, бирок азырынча андай аракеттен майнап чыкпай келет.

Компаниянын башкы директору Азат Базаркулов 1974-жылы Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү, билими боюнча юрист. Жаш адистин алгачкы иши "Агропромбанктын" Сокулук бөлүмү болгон. Базаркуловдун иш тизмесинде бир катар юридикалык компаниялардын жетекчилиги катталган.

2007-жылы ал алтын жана түстүү металлдарды казуу жана өндүрүү менен алектенген "Алтынкен" ишканасынын укук жана кадр маселелери боюнча башкармалыкты жетектеген. 2010-жылы Базаркулов башкы директордун биринчи орун басарлыгын аркалоо менен "Альфа Телекомдо" экинчи кишиге айланган. Бирок бир жылдан кийин ал кайрадан "Алтынкенге" кайткан. Megacom компаниясынын башкы директорлугуна Базаркуловду 6 жыл мурун дайындашкан.

Канатбек Абдыкеримов, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы

© Пресс-служба президента КР"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канатбек Абдыкеримов
Генеральный директор ГП Кыргыз темир жолу Канатбек Абдыкеримов - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канатбек Абдыкеримов
Кыргыз темир жолу жыл сайын 7 миллион жүк ташыйт. Компанияда дээрлик 5 миң киши эмгектенет. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканалардын арасында таза киреше боюнча алдыңкы сапта турат, 2017-жылы ал өлкө казынасын 585 миллион сомго байыткан.

1-октябрда ишкананын жетекчиси алмашып, "Кыргыз темир жолунун" башкы директорлугуна Канатбек Абдыкеримов дайындалды. Ал 51 жашта, уюштуруу жана башкаруу инженери жана Москва ветеринардык академиясынын зооинженер адистиги боюнча бүтүрүүчүсү. Абдыкеримов эмгек жолун "Азия Инвест" компаниясында менеджерликтен баштап, "Таалай" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын директорунун орун басары катары уланткан.

Галстук тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
Эки жыл мурда ал Свердлов райондук мамлекеттик администрациясында соода, тейлөө жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүн жетектеп жүрүп, кайра "Таалайдагы" мурдагы кызматына кайткан. 2001-жылдан 2006-жылга дейре Абдыкеримов өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүндө референт, эксперт болуп иштеген. Он жыл бою ал "Кыргыз темир жолдун" темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясын жетектеген.

Мамлекеттик ишкананын андан мурунку башкы директору Алмазбек Ногойбаев өткөндө эле бир чырдын чордонунда болгон. 2018-жылдын жай мезгилинде темир жолдогу коштоочу Алия Асанбаева КР президенти Сооронбай Жээнбековго ишканадагы коррупция фактылары жөнүндө кабарлап, ачык кайрылуу жолдогон. Ногойбаев бардык айыптоолорду четке каккан. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө ал кызматкер маалымдаган жүйөлөр далилденип, билетсиз ташылган жүргүнчүлөр 2,5 миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги анык болгон.

Быйыл 1-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алмазбек Ногойбаевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон.

Ага дейре аталган кызматты Аргынбек Малабаев жетектеген, кийин ал КР транспорт жана коммуникация министри болгон. Дайындалганынан бир жыл өтпөй Балыкчы — Корумду жолун куруу боюнча тендер чырынан улам ал кызматынан кол жууган.

Ернар Накисбеков, "Скай Мобайл" ЖЧКсы

© Фото / ООО "Скай Мобайл""Скай Мобайл" ЖЧКсынын башкы директору Ернар Накисбеков
Генеральный директор ООО Скай Мобайл Ернар Накисбеков - Sputnik Кыргызстан
"Скай Мобайл" ЖЧКсынын башкы директору Ернар Накисбеков
"Скай Мобайл" ЖЧКсы "Beeline" соода маркасы менен белгилүү уюлдук оператордун кызматынан 3 миллион кыргызстандык пайдаланат. 2010-жылдан бери компания Veon Ltd холдингинин курамында.

2015-жылдын сентябрынан бери "Скай Мобайлдын" башкы директорлугун Ернар Накисбеков аркалап келет. 2004-жылы каржыны башкаруу адистиги боюнча Казак мамлекеттик университетин аяктаган. Жогорку окуу жайынан кийин дароо "HSBC Банк Казахстан" компаниясында иштей баштаган. KMPG эл аралык аудитордук уюмуна өтүп, түйүндүн эң жаш улук аудитору болгон. Кызматынан 10 миллиондогон адам пайдаланган "Kcell" компаниясында 2007-жылдан тарта эмгек чыйырын уланткан.

"Beeline" ишканасынын жетекчилигине келгенге чейин Накисбеков Тажикстандын үлкөн телекоммуникациялык "Tcell" компаниясында иштеген.

Чжан Хуахуэй, "Алтынкен" ЖЧКсы

Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Катын албай, кайын ал! Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын күйөө балдары
"Алтынкен" ЖЧКсы Чүй облусунун Орловка шаарчасында жайгашкан Талдыбулак Сол жээк алтын кенин иштетет. Аталган компаниянын акцияларынын 40 пайызына ээлик кылган "Кыргызалтын" ААКнын маалыматына таянсак, бул кендеги алтын кору 64 тоннадан ашык. Ушул тапта "Алтынкенде" миңдин тегерегинде жумуш орду бар.

Компаниянын башкы директору Чжан Хуахуэй — Кытай Эл Республикасынын жараны. 40 жашта. Политехникалык институттун бүтүрүүчүсү. Башта "Zijin Mining Group Ltd" алтын казып алуучу компанияда иштеп, өндүрүштүк коопсуздук жана эмгекти коргоо жагын колго алып келген.

Азыркы кызматына Чжан Хуа Хуэй былтыр, 2017-жылдын июль айында киришкен. Жетекчилик алмашкандан бир ай мурун Талдыбулак Сол жээк кенинде кырсык болуп, натыйжада үч жумушчу — кытай жарандары набыт болгон.

Эмир Чукуев, "Манас" эл аралык аэропорту" ААК

© Фото / пресс-служба МАМ"Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкаруу тобунун төрагасы Эмир Чукуев
Председатель правления ОАО Международный аэропорт Манас Эмир Чукуев - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкаруу тобунун төрагасы Эмир Чукуев
"Манас" эл аралык аэропорту" ААКга 5 эл аралык жана 6 аймактык аэропорт кирет. Өткөн жылы ишкананын учактары 3,5 миллион жүргүнчүнү кабыл алган. Азыркы чакта компанияда 3 миңге чукул киши эмгектенет. Негизги акционери болуп мамлекет эсептелет.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкаруу тобунун төрагасы Эмир Чукуев Кыргыз ССРнин борбор калаасында 1967-жылы туулган. Пермде аскердик кызмат өтөгөн, билими боюнча айыл чарба өндүрүшүнүн инженер-механиги, Кыргыз айыл чарба университетинин бүтүрүүчүсү, Баткен окуясынын катышуучусу. КР улуттук коопсуздук органдарында аскердик кызмат мөөнөтү аяктаган соң Чукуев ишкердик менен шугулданган. Анын эмгек жолунда "Жерүй" алтын кени (коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары), "ТНК "Дастан" (коопсуздук, режим жана кадрдык камсыздоо боюнча директору) өңдүү ишканалардын жетекчилик кызматтары да камтылган.

Сегиз жыл мурун ал "Манас" эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук жана режимдин башкы башкармалыгын жетектей баштаган. 2014-жылы Чукуев "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын аппарат жетекчилигине өткөн. Ал эми андан жыл айланбай башкаруу тобунун төрагалыгына дайындалган.

Чукуевге чейин аталган кызматты Бишкектин мурдагы мэри, азыр тергөө абагында кармалган Албек Ибраимов ээлеген. УКМКнын маалыматы боюнча ал киши төрт кылмыш ишине аралашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0