Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчөт. Тизме

© AFP / JOEL SAGETЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Эртең, 8-октябрда, Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-18.00 — Фрунзе көчөсүндөгү №423 үй;

09.30-18.00 — Валдай, Репин, Мостовой, Самойленко көчөсү, Салам-Алик конушунда жана Керемет жаңы коншунун Месароша, Профсоюз көчөлөрү;

09.30-12.00 — №8 кичирайонунун 32/1, 45-47, 45/1, 46/1, 46/2 үйлөрү, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №77, 79, 81, 83 үйлөр;

09.30-17.00 — 110 квартал;

09.30-14.00 — Ахунбаев, Шота Руставели көчөсү менен Айтматов проспектиси;

15.00-17.00 — Токтогул, Сагынбай манасчы көчөсү менен Манас проспектисинде.

Ишканадан электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлө турганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0