Же ыйлай албай, же күлө албай... Тойдо кийгизген көйнөктүн видеосу

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКөйнөк. Архив
Көйнөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белек ээси досунун үлпөт тоюна барып көйнөк алган экен.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Instagram тармагында кыргызстандык жигит тойдон белекке алган "алдамчы" көйнөгүн көрсөтүп, видеосун жарыялады.

Роликте жигит кийитти досунун үйлөнүү тоюнан алганын айтат. Бирок үйгө келип келип киейин деп кутусун ачканда көйнөктүн жасалма экени билинген. Сыртынан караганда көйнөккө окшоп көрүнгөнү менен жаза келгенде жөн гана жака коюлган материал болуп чыккан. Жада калса топчусу да клей менен жабыштырылганы көрүнүп турат.

Публикация от OMKS 😎 VIDEO (@omks_video) 4 Окт 2018 в 3:19 PDT

Мындан улам белек ээси башкаларды тойго көйнөк сатып алууда жана бирөөгө кылдат болууга чакырды.

Бул видео Интернетке тарап колдонуучулар ар кандай комментарийлерди жазып күлүп жатышат. "Ага да башка тойдон келсе керек, азыр ичин карабай эле колдон-колго өткөрүп бере беришет эмеспи" дегендер да болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0