Элдин балдары... Жогорку кызматты ээлеген жаштардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековФлаг Кыргызской Республики на заседании
Флаг Кыргызской Республики на заседании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл арасында жаштарга да бийлик бериш керек деген сөз маал-маалы менен айтылып турат. Замандын агымы менен жарыша өскөн жаштар коммунизмди көргөн кишилердин ордун басып чоң саясатка туруштук бере алабы?

Галстук тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
Мамлекеттик кызматтарга көз чаптыра келгенде жаш жетекчилерди бирин-серин гана көрүүгө болот. Өкмөттүн 12 министринин экөөндө гана жаш орун басары иштейт. Деген менен жакында эле Бишкек шаардык кеңешине 30 жаштагы Жаныбек Абиров төрага болду. Президент Сооронбай Жээнбеков да өзүнө жаш кеңешчи дайындаганы маалым.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жашы 35ге чыга элек, бирок мамлекеттин жетекчилик кызматтарында иштегендерди тизмектеди.

1. Жаныбек Абиров, 30 жашта

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров
Депутат БГК Жаныбек Абиров - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров
Жаныбек Абиров 2016-жылы КСДПнын атынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Жакында эле аны шаардык кеңешке төрага кылып шайлашты. Бул кызматка келгенге чейин ал жеке ишкерлик менен алектенген. 2008-жылы АКШда жашап, иштеген.

Эки жогорку билими бар. Кыргыз-орус славян университетинин "Юриспруденция", Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан "Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу менеджементи" адистиги боюнча окуган.

2. Мирлан Парханов, 31 жашта

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов
Заместитель директора ГАМФКиС Мирлан Парханов - Sputnik Кыргызстан
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов

Мирлан Парханов 2016-жылдын ноябрь айынан бери Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп эмгектенет. Ага чейин вице-премьердин жардамчысы, президенттин аппаратында референт, социалдык саясат бөлүмүндө эксперт, мындан сырткары, бир нече уюмдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

В.С.Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университетинде "Уюмдун менеджменти" адистигин бүткөн.

3. Чыңгыз Эсенгул уулу, 31 жашта

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу
Завотделом информационного обеспечения Аппарата правительства Эсенгул уулу Чынгыз - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу
Чыңгыз Эсенгул уулу 2017-жылдын октябрынан тарта өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет. Ал эмгек жолун Нарындагы радиостанциялардан баштаган. Бир топ жыл КТРКнын "Ала-Тоо" программасында кабарчы, жооптуу редактор жана алып баруучу болуп иштеген. Ошону менен катар Транспорт жана коммуникация министринин кеңешчиси, маалымат катчы болгон. Андан соң ТИМдин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын атташелигин аркалаган. Ал жакта бир жыл иштеп, "Актив Курулуш " ЖЧКсында үч жыл директор болгон.

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистигин бүтүргөн. Дипломатиялык академиядан "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган.

4. Эрнис Толтоев, 32 жашта

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрезидент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы Эрнист Толтоев
Помощник президента КР Эрнист Толтоев - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы Эрнист Толтоев
Эрнис Толтоев эмгек жолун Ош шаардык администрациясынан баштап алдыңкы адис, маалымат катчы, губернатордун жардамчысы болуп эмгектенген. Ош шаардык кеңешинин депутаты, премьер-министрдин жардамчысы болгон. 2017-жылдын 27-ноябрынан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы.

Ош мамлекеттик университетин Электроника жана микроэлектроника адистиги боюнча аяктаган.

5. Дастан Догоев, 32 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековКР президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев
Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев  - Sputnik Кыргызстан
КР президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев
Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп үч жыл, жетекчи болуп сегиз ай иштеген. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында КР президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган

Лондон Кавендиш колледжинде жана Кингстонск университетинде "Бизнести башкаруу" адистиги боюнча окуган.

6. Алтынбек Исмаилов, 32 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн алдындагы Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов
Директор парка высоких технологий Алтынбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн алдындагы Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов
Алтынбек Исмаилов быйыл жазда негизделген өкмөттүн алдындагы Жогорку технологиялар паркынын директору болуп дайындалган. Ага чейин Борбор Азиядагы Америка университетинде мугалим жана изилдөөчү болуп эмгектенген.

Өзү да ушул эле окуу жайда "Финансы, банк жана сандык экономика" адистигин бүткөн. Ал эми магистратураны Колумбия университетинен "Экономика жана саясий өнүгүү" адистиги боюнча магистратурадан окуп келген.

7. Азамат Жаманкулов, 32 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жамангулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жамангулов
Азамат Жамангулов Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору болуп 29 жашынан бери иштеп келет. Ошондой эле Кыргызстан курорттор ассоциациясынын директору. Көчмөндөрдүн I жана II дүйнөлүк оюндарын уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын директору, орун басары болгон. Мындан сырткары, "Риэлт Партнер" ЖЧКсында аткаруучу директор, Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" ААКта инвестиция жана экономиканы илгерилетүү боюнча адис болуп иштеген.

Эки жогорку билими бар. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин "Уюштуруу менеджменти", Кыргызстан эл аралык университетинин "Финансы" адистигин аяктаган.

8. Лунара Мамытова, 33 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова
Депутат Лунара Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова
Элге диктор катары таанылган Лунара Мамытова учурда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары. Ал 2015-жылы "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Парламентте туура бир жыл отурган соң азыркы кызматына дайындалган. Эмгек жолу ЭлТР, Пирамида, КТРК телеканалдарында алып баруучу болуп иштөө менен башталган.

Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин, андан соң юридика факультетин бүтүргөн.

9. Элдар Алишеров, 33 жашта

Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Теңтуштары оромпой тээп жүргөндө саясаттан ордун тапкан 9 адам
Элдар Алишеров ушул жылдын 23-июлунда экономика министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин өкмөттүн аппаратында бир катар кызматтарды аркалаган. Жеке менчик уюмдарда жана банктарда иш тажрыйбасы бар.

Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде "Экономика" боюнча окуп, президенттин алдындагы башкаруу академиясынан "Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу" адистигине ээ болгон.

10. Нурбек Кадыров, 34 жашта

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров
Вице-мэр города Ош Нурбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров
Нурбек Кадыров Ош шаарынын вице-мэри. 2015-жылы шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Жеке компанияда директор, Ош шаардык мэриясынын бөлүмдөрүндө жана миграция тармагында иштеген. 2016-жылы КСДПнын борбордук штабында кызмат кылган. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын ага консультанты болгон.

Ош мамлекеттик университетинен "Эл аралык мамилелер", Ош мамлекеттик юридикалык институтунан "Юриспруденция" адистигин бүткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0