"Сүйүнчү" алуу эмне үчүн мынча татаал? Министрлик жооп берди

© AFP / FRED DUFOURЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаңы төрөлгөн ымыркайга жөлөк пул алуунун оордугу тууралуу макала жазган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Sputnik Кыргызстан сайтына чыккан "сүйүнчү пул" алуунун татаалдыгы боюнча макалага түшүндүрмө берди.

Автор жаңы төрөлгөн уулуна жөлөк пул алуу үчүн документ чогултууда кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берген. Дал ушул аталган министрликтин кызматкерлери берген кеп-кеңештин айынан бир топ убактысын жоготкон. Аягында ал документтердин көбүнүн кереги жок болуп чыккан.

Мекеменин билдирүүсүндө үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин ымыркайдын ата-энесинен жашаган жеринен тастыктама талап кылынып келгени айтылат. Анткени "сүйүнчүнүн" акчасы райондук коэффицентти эсптөө менен чыгарылып келген. Андан кийин бул фактор жокко чыгарылып, тастыктаманын кереги жок болуп калган.

Эми ата-энеден төмөнкү документтер талап кылынат:

— паспорттун копиясы;

— баланын күбөлүгү;

— банк реквизиттери.

Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөлөк пул алуу жеңилдеп, талап кылынчу документтер кыскартылды
Документтерди кабыл алган ЗАГС, Калкты тейлөө борборлорунун, маалымат киоскилеринин кызматкерлери электрондук арызды каттап, министрликтин маалымат системасы аркылуу райондун, шаардын эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жиберет. Министрлик долбоор өлкө аймагында биринчи жолу ишке ашырылып жаткандыктан, айрым кемчиликтер болушу мүмкүн экенин эскертип, мындан улам айрым арыздарды кароо создугуп кетиши мүмкүн экенин белгилейт.

Ал эми автордун "сүйүнчү" боюнча маселесин карап жатып, электрондук анкета жаңылыштык менен Кочкор районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлүп кеткени аныкталган. Учурда Каттоо кызматынын адистери окуянын чоо-жайын тактап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0