Ош шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар бекер болот

© Sputnik / Эмиль СадыровОш аэропортунун унаа токтотуучу жайы. Архив
Ош аэропортунун унаа токтотуучу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында жалпысынан муниципалдык 26 автоунаа токтотуучу жай бар.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев калаадагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды бекер кылуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мэрдин буйругу эртеңден тарта күчүнө кирет.

"Буга чейин социалдык тармактарда автоунаа токтотуучу жайлардан акы алуу боюнча нааразычылыктар айтылган. Анын акысы 10 сом деп белгиленгени менен 20 сомдон талап кылган учурлар болгон. Мэр ошолорду эске алып ушундай кадамга барды. Калаа башчысынын буйругунун аткарылышын милиция көзөмөлдөйт", — деди Абсаттаров.

Ал ошондой эле Ош шаарында жалпысынан 26 муниципалдык автоунаа токтотуучу жай бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0