Эл өкүлү Башкы прокуратуранын эски ордун сквер кылууга каршы чыкты

© пресс-служба мэрии города БишкекБашкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна салынчу сквердин болжолдуу эскизи
Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна салынчу сквердин болжолдуу эскизи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын айтымында, эс алуучу жайдын салынышына ошол жерде жайгашкан кафе-ресторандар биринчи кезекте кызыкдар.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Депутат Акылбек Жамангулов Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна парк салуу идеясынан баш тартуу керектигин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар түрдүү маселелер каралып жаткан учурда билдирди.

Анын айтымында, күйүп кеткен имараттын ордун парк кылуу — ошол Орозбеков көчөсүндө жайгашкан кафе-ресторандардын кызыкчылыгы.

"Бишкектин борборунда азыр 42 сотых жер жок. Бул нерсе Орозбеков көчөсүндө жайгашкан кафелердин лоббиси экени билинип турбайбы. Эртеңки күнү парк бүткөндөн кийин ал жердеги имараттардын баасы 5-10 эсе көтөрүлөт. Ошон үчүн алдын ала өкмөт бул маселени көзөмөлгө алышы керек. Жердин ордуна көп кабатуу машина токтотуучу жай кылсак борбордогу автоунаа тыгындары азаймак. Азыр 1 сотых жердин баасы 100 миң доллар турат ал жерде. Азыртадан ага бөгөт коюп долбоорго тыйын бөлүүнү токтотууну суранам", — деди депутат.

Белгилей кетсек, 2-октябрда Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна салынчу сквердин болжолдуу эскизин көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0