Мамакеев, Жумабеков эмне менен ооруйт? Атактуу дарыгерлердин эл билбеген дарты

© SputnikБишкектеги Ортопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, ортопед Сабырбек Жумабеков. Архив
Бишкектеги Ортопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, ортопед Сабырбек Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ак халатчандар ишинде миңдеген адамга экинчи өмүр берип, "залкар дарыгер" деген атка татыктуу болушкан. Бирок бардыгы эле алар жабыркаган оору тууралуу биле бербесе керек.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү дарыгерлердин өз оозунан илдети тууралуу сураштырды. Кээси агынан жарылса, айрымдары жазбай эле коюшубузду өтүндү.

Мамбет Мамакеев үч ирет операция жасаткан

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук хирургия борборунун директору Мамбет Мамакеев
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев  - Sputnik Кыргызстан
Улуттук хирургия борборунун директору Мамбет Мамакеев

Мамакеев кечээ жакында 91 жашын белгиледи. Ал өмүрүнүн 68 жылын бейтаптарга арнап, 30 миңге чукул уникалдуу операцияны ишке ашырган. Бул да чек эмес, улгайып калганына карабай күнүнө бештен, кээде онго чейин операция жасайт.

"Өмүрүмдө үч операция жасаттым. Эркектин табарсыгынын алдында аденома деген без болот. Тукум ошол аркылуу өтөт. Жаш өткөн сайын без заара өткөрбөй кысып, шишип баштайт. Сексен жашымда ошондой белги болгондо алдырып салдым. 10 жыл мурда көзүмдүн хрусталы агарып кетип, анысын алдырдым. Эки жыл мурда Германияга барып жүрөктүн чоң кан тамыры — толтону жасатып келдим. Ал кан тамыр чоңоюп отуруп бир күнү жарылса, адам "а" дегенге жетишпей кете берет", — дейт хирург.

Ал ошондой эле учурда буттары ооруп, кулагы начарлап калганын, бирок бул карылык белгиси экенин айтат.

Хирургдун мамлекеттик сыйлык жана наамдарын санап отурса манжа жетпейт. Эң ириде 2004-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Кардиохирург Калдарбек Абдраманов нервдерге суук тийгизип…

© Фото / К. ЭргешовЖалал-Абаддагы аймактык жүрөк-кан тамыр илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов
Хирург столичной больницы Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы аймактык жүрөк-кан тамыр илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов

Абдраманов Жалал-Абаддагы аймактык жүрөк-кан тамыр илимий борборунун жетекчиси, белгилүү кардиохирург.

"Бала кезде көйрөң, шок бала элем. Кышында апамдын тилин укпай мектепке костюмчан кетип калчумун, эшикте суукта кечке чейин ойночумун. Ошентип жүрүп бир күнү моюн омурткасынын нерв ткандарынын шишик оорусуна кабылдым. Агезде онго чыгып калгам. Оорунун кесепетинен оң колум менен оң бутум жакшы кыймылдабай бир топко чейин дарыландым. Себеби дарыгерлер эки жылга чейин так диагноз кое албай жүрүп анан операция жасашты. Андан кийин куландан соо болуп чоңойдум. Адистердин кеңеши менен көп кыймылдоого аракет жасадым. Армияга бардым, футбол ойнодум, бокс боюнча спорт чеберине талапкер да болдум", — дейт дарыгер.

Учурда ал ден соолугуна абдан жакшы көңүл бура тургандыгын кошумчалады.

Абдрамановдун уникалдуу операциялары абдан көп. Эки-үч жыл мурда операция убагында бейтапкананын жарыгы өчүп калып, уюлдук телефондун жардамы менен жасаган.

Ооруга моюн толгобогон Миталип Мамытов

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү дарыгер-нейрохирург, профессор Миталип Мамытов
Герой Кыргызской Республики, заслуженный врач и деятель науки КР. Награжден медалью Данк и золотой медалью Один из миллиона Кембриджского международного биографического центра Миталип Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү дарыгер-нейрохирург, профессор Миталип Мамытов

Белгилүү дарыгер-нейрохирург, профессор Мамытов 78 жаш курагына чейин олуттуу ооруларга кабылбаганын айтат.

"Ишенбесеңер бейтаптарды каттоого алган карточкаларды казып көрсөңөр болот. Бир ирет көзүм менен тишим ооруду эле, азыр баары жайында", — дейт Мамытов.

Дарыгердин өмүр жолу, балалыгы тууралуу редакция даярдаган "Айылга каттан" окуңуз.

Ортопед Сабырбек Жумабековду уйку басып

© Sputnik / Нургуль МаксутоваБишкектеги Ортопедия жана травматология илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков
кыргызстанский врач-ортопед, академик Сабырбек Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Ортопедия жана травматология илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков

Бейтаптар сөөк дарыгерин "алтын колдуу ортопед" деп сыпатташат. Чындыгында эле бул кишинин ысымын ар бир кыргызстандык билет.

"Чогулуштарда сүзүлүп кетем. Студент кезде лекция болуп жатса арткы партага жатып уктай берчүмүн. Ошон үчүн депутат болгум келбейт. Уккан кишиге кызыктай туюлушу ыктымал. Чарчагандыктын натыйжасы ушул. Жакшы эс алыш үчүн күнүнө жети саат укташым зарыл. 2006-жылы өтүмдү алдыргам. Үч күндөн кийин операцияга чыгып кеткем. Биздин жумушта оорудум деп жатып алганга болбойт", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле Бишкектеги Ортопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси.

Хирург, онколог Эрнис Тилеков: өлүмдөн калгам

© Sputnik / Табылды КадырбековОнкология жана гематология борборунун башчысы Эрнис Тилеков
Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Онкология жана гематология борборунун башчысы Эрнис Тилеков

Тилеков Онкология жана гематология борборунун жетекчиси. Бул кызматка чейин өмүрүн Улуттук хирургия борборуна арнаган.

"7-класста окуп жүргөндө ичим катуу ооруду. Айылда кайдагы дарыгер. Үйдөгүлөр өз билишинче дарылайм деп атып сокур ичегим жарылып кеткен. Операция жасалып аман калдым. Эки жыл мурда бутумду сындырып алып үч ай төшөктө жаттым. Азыр ошол сынган бут аба ырайы сууктаганда сыздатып калат", — дейт дарыгер.

Эрнис Тилеков бир нече ай мурда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, ишмердүүлүгү, жетекчилик кызматы тууралуу айтып берген.

Накен Касиев. Гипертония

© Sputnik / Табылды КадырбековТерапевт, кардиолог жана мамлекеттик ишмер Накен Касиев
Накен Касиев  - Sputnik Кыргызстан
Терапевт, кардиолог жана мамлекеттик ишмер Накен Касиев

Белгилүү дарыгер карьерасында терапевт, кардиолог кызматын аркалап, саятсатка чейин аралашкан.

"Кан басымдын жогорулашы (гипертония. — ред.) профессионалдуу оору. Тамаша менен айтканда, саясатчылар көп жабыркайт да", — дейт Касиев.

Мамлекеттик ишмер учурда 70 жаштан өтүп калганына карабай Кыргыз-орус славян университетинин ден соолук жана коомдун саламаттыгын сактоо кафедрасын жетектеп, жаштарды тарбиялап келет.

Сотмедэксперт Максутов: оору дегенди билбейм

© Sputnik / Гульдана ТаланбековаЭрмек Максутов Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун Өлүктөрдү изилдөө бөлүмүн башкарат.
Заведующий отделением исследования трупов Республиканского бюро судебно-медицинской экспертизы Эрмек Максутов  - Sputnik Кыргызстан
Эрмек Максутов Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун Өлүктөрдү изилдөө бөлүмүн башкарат.

Эрмек Максутов Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун Өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн башчысы, буга чейин медициналык-криминалисттик бөлүмдү жети жыл жетектеген. Андыктан ал кишини сыртынан карап эле "окуп" коет.

"Кудай сактасын, денем оорудум дей элек. Спорт менен машыгып, дени сак жашоо образын жүргүзгөнүмдүн таасири болсо керек. Убагында бокс боюнча СССРдин чебери аталгам", — деди сотмедэксперт.

Максутовдун "өлүкканадагы" иши тууралуу маегин материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0