Коопсуздук кеңеши Анара Мамбеталиева жумуштан мыйзамсыз алынганын аныктады

© Фото / предоставлено Анарой МамбеталиевойМитинг Анары Мамбеталиевой
Митинг Анары Мамбеталиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамбеталиеванын кайрылуусунан кийин ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Коопсуздук кеңеши Экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мыйзамсыз түрдө иштен алынганын аныктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругу менен Мамбеталиеванын кайрылуусунда келтирилген коррупциянын айрым фактыларын изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн болчу.

"Мамбеталиеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим Кыргыз республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган. Бул тууралуу тиешелүү прокурордук жооп кылуу актысы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Кызматкер Кыргыз темир жолу 3 млн. сом кымырганын айтты. Ногойбаев эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
Кызматкер "Кыргыз темир жолу" 3 млн. сом кымырганын айтты. Ногойбаев эмне дейт
Эске салсак, буга чейин мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева аталган инспекция коррупциянын сазына батып бара жатканын өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыккан. Ал чындыкты издеп жатып, кайра эч бир ишке орношо албай тургандай берене менен айдалганын билдирген. Мындан сырткары, Мамбеталиева "өмүрүм коркунучта" деп президент Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылган. Көп өтпөй өлкө башчы анын кайрылуусуна көңүл буруп, коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган

Жаңылыктар түрмөгү
0