Бишкекте маршрутка кагып кеткен инспекторго өкмөттөн жардам көрсөтүлөт

© Sputnik / Нурис АлымбаевНаезд на инспектора УОБДД ГУВД в Бишкеке
Наезд на инспектора УОБДД ГУВД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер ошондой эле инспектор жабыркаган жол кырсыгын тыкыр жана объективдүү иликтеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Марат Султаналиевге дарыланууга материалдык жардам көрсөтүүнү буйруду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер ошондой эле инспектор жабыркаган жол кырсыгын тыкыр жана объективдүү иликтеп чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, 1-октябрда Бишкектин борборунан ЖКККБдин инспекторун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташыган микроавтобус коюп кеткен. Кийин милициядан маалымдашкандай инспектор жолдон балдарды өткөрөм деп жаткан учурда кырсыкка кабылган. Дарыгерлер анын сан сөөгү сынып кетиши мүмкүндүгүн айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0