08:11 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
230 0 0

30-сентябрда Ош — Москва каттамы менен уча турчу учактын дөңгөлөгү жарылган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү, 30-сентябрда Ош аэропортунда кырсыктаган учак тууралуу AviaTraffic компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров үн катты. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына дөңгөлөгү жарылган Boeing-737 учагы акыркы техникалык кароону Украинадан өткөнүн айтып берди.

"Учактарыбыз пландык кароолорду Украинадан өтөт. Ал эми учкучтар жылына эки ирет Балтика өлкөлөрүнөн окуп келет. Мындан тышкары күн сайын Москва, Стамбул сыяктуу ири шаарларга каттайбыз. Ал жактагы аэропорттордон дагы самолет текшерүүдөн өтөт. Эч биринен бул учактын дөңгөлөгүндө мандеми бар деп айтылган эмес", — деди Аскаров.

Андыктан жетекчи кырсыктын чыгуу себептерин алдын ала айтуу мүмкүн эместигин, учурда атайын комиссия иштеп жатканын кошумчалады.

"Комиссия мүчөлөрү учуу тилкесин карап чыкты. Ал жерден дөңгөлөктү жарып кете турган эч нерсе табылган жок. Эми адистер бардык жагдайларды иликтеп чыккандан кийин гана кырсыктын анык себеби билинет", — деди жетекчи.

Эске салсак, жекшембиде саат тогуздар чамасында AviaTraffic компаниясынын Ош — Москва каттамы менен бара жаткан учагы учуу тилкесинен дөңгөлөгү жарылып, 147 жүргүнчүсү бар аба кемеси кайрылып келүүгө мажбул болгон. Жүргүнчүлөр тогуз сааттан кийин гана башка учак менен учуп кетишкен.

Буга чейин дагы AviaTraffic авиакомпаниясынын учактары каттамын токтотууга мажбур болгон окуялар катталган. Биринчи окуя 29-июлда, экинчиси 5-августта болгон. Экөөндө тең учактар абага көтөрүлгөндөн кийин кайра кайтып келишкен.

Тема боюнча

Кудай сактады! Ошто учак абага көтөрүлө электе дөңгөлөгү жарылды. Сүрөт
Ошто кырсыктаган учак: жүргүнчүлөр 9 сааттан кийин учуп кетишти
Белгилер:
кырсык, учак, Avia Traffic, Алик Аскаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ