Прокуратура: Ош мэриясынын кызматкерлери майыптардын үйүн өзүнө ыйгарып алган

© © SputnikМайытар үчүн салынган "Анар" кичи районундагы жаңы салынган көп кабаттуу үй
Майытар үчүн салынган Анар кичи районундагы жаңы салынган көп кабаттуу үй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр "Анар" кичи районундагы жаңы салынган көп кабаттуу үйдөн майыптарга 66 батир берилген.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бериле турган үйлөрдүн Ош шаардык мэриясындагы кызматкерлерге жана турак жай-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрүнө берилип кеткени аныкталды. Бул туурасында УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы "Анар" кичи районундагы жаңы салынган көп кабаттуу үйдөн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 66 батир берилген.

"Тергөөнүн жүрүшүндө 8 жаран турак жайы жоктугу туурасында жасалма маалымкат алып, 32 адамдын батир берилгенге чейин Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында үйлөрү болгону аныкталды. Мындан сырткары үчүнчү топтогу 9 майып адам мыйзамсыз батир алган. Негизи мыйзам боюнча биринчи жана экинчи топтогу майыптар биринчи кезекте турак жай менен камсыздалышы керек", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 205-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0