Эрдогандын жубайы Ысык-Көлдө унаа тыгында калып калган. Ким жазаланды

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКырчын жайлоосуна бараткан жолдогу тыгын. Архив
Кырчын жайлоосуна бараткан жолдогу тыгын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол тыгынынын жаралышына жол бергендерге катуу сөгүш берилсе, кээ бирлери иштен айдалды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган "Кырчын" этно шаарчасынын кире беришинде унаа тыгында калып калганы үчүн ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери жазаланды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

"ИИМдин ички иликтөө кызматы Ысык-Көл ОИИБ менен ИИБдин кызматкерлери "Кырчынга" кеткен жолдо Эрдогандын жубайы бараткан маалда унаа тыгын жаралышына жол беришкени үчүн иликтөө жүргүздү", — деп айтылат маалыматта.

Иликтөөнүн жыйынтыгында ички иштер министринин буйругу менен төмөнкү кызматкерлер жазаланды:

— Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев катуу сөгүш алды;

— К.К. аттуу АП ЖКККББсынын начальнигинин орун басары (толук аты жөнү көрсөтүлгөн эмес);

— Ысык-Көл облустук ЖКККББнын ИИБинин ОЖКККБсынын М.А. аттуу жетекчи орун басары;

— Ысык-Көл ОИИБнин Октябрь Урмамбетов;

— Ысык-Көл ОИИБинин АП ЖКККБнын Н.Т. аттуу начальниги иштен бошотулду;

— Нарын ОИИБнын Э.Б. аттуу ага инспектору менен Түп РИИБинин кенже инспекторуна эскертүү берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0