Түркиядан Бишкекке учуп келген Тажикстандын жаранынын паспорту жасалма болуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортундагы жүргүнчү. Архив
Манас аэропортундагы жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран Стамбул — Бишкек каттамы менен учуп келген.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Чек арачылар "Манас-аэропорту" көзөмөл өткөрүү жайынан жасалма паспорт менен өлкөгө кирүүгө аракет кылган Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, окуя 28-сентябрда катталган.

"Стамбул — Бишкек каттамы менен учуп келген жарандарга паспорттук көзөмөл жүргүзүү учурунда чек ара кезмети 1985-жылы туулган Б.Х. аттуу Тажикстандын жаранын кармашкан. Документти текшерүү учурунда чек арачылар паспорттун толугу менен жасалма экенин аныкташкан", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0