Бишкектин 32 көчөсүндө жарык өчөт. Тизме

CC BY 2.0 / Mike Powell aka Elektroll / 20140216_0064Отключение электричества в Кыргызстане
Отключение электричества в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эртең, 26-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында "Түндүкэлектр" ААКтын сайтында маалымдалат.

Жарык өчүрүлө турган көчөлөрдүн тизмеси:

— 9.00-11.00 — "Арча-Бешик" конушунун Актан жана Матисаков көчөлөрү;

— 9.00-14.00 — Кулатов көчөсү жана Майсыр базасынын аймагы;

— 9.00-17.00 — "Достук" кичи районунун №1/6 үйү;

— 9.00-18.00 — 110-квартал, Базар-Коргон, Бурулдай, Кемин, Талды-Суу, Темиров көчөлөрү;

— 9.00-19.00 — Великолукск жана Кедров көчөлөрү;

9.30-11.00 — Абдрахманов, Кожомкул көчөлөрү жана Айтматов проспектиси;

9.30-15.00 — Токтогул, Шопоков, Үсөнбаев көчөлөрү;

9.30-18.00 — Тоголок Молдо, Саадаев, Можайск көчөлөрү, Боровск, Багижск, Витеб тар көчөлөрү;

9.30-19.00 — "Көк-Жар" конушунун Кулмурзаев, Арстанбап, Чар, Шоокум, Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Достоевский көчөлөрү;

11.00-12.30 — "Ала-Арча" конушу;

13.00-14.30 — "Ак-Өргө" конушунун Өмүрканов көчөсү, "Киргизия" конушунун Улан жана № 14 көчөлөрү;

14.00-18.00 — 5-кичи райондун №16, 16/1 үйлөрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0