Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда угуусу начар адамдарга атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТелефон колдонуп жаткан адам. Архив
Телефон колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда беш миңдин тегерегинде кулагы укпаган адам жашайт.

БИШКЕК, 24-cен. — Sputnik. Угуусу начар жарандарга атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев

Анын айтымында, январь айынын башында угуу жагынан майып адамдарга жардам боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, күчүнө кирген. Анда биринчи жолу сурдокотормочунун укуктары жана статусу аныкталып, алардын көрсөткөн кызматына акы төлөнүшү керектиги жазылган. Бирок азыркыга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги анын жобосун иштеп чыга элек.

"Дүлөйлөргө айына 15 саат акысыз сурдокотормочунун кызматын колдонуу каралууда. Бизде угуусу начар беш миң адам бар жана бул сандар беш жыл мурунку статистика. Учурда алардын саны кыйла көп болушу мүмкүн. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мобилдик тиркемени буюртма кылган, анын жардамы менен кулагы укпагандар нотариустун же дарыгердин кызматын дистанциялык негизде ала алат", — деди депутат.

Ал ошондой эле мобилдик тиркеменин жардамы менен кулагы укпагандар сурдокотормочу тандай алышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0