"Коопсуз шаар" долбоору кимге табышталды: тендердин жеңүүчүсү тууралуу 5 факты

© AFP / ERIC CABANISПроект безопасного города во Франции
Проект безопасного города во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жолдорунда фото-видео каттоо тутумун орното турган ишкана сынактык комиссия тарабынан аныкталды. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу подрядчик ушуну менен төртүнчү ирет жарыяланып отурат. Себеби, буга чейинки аракеттерден майнап чыккан эмес.

БИШКЕК, 22-сен — Sputnik. Тендерди жеңип алган "Вега" АК тууралуу эмне билебиз? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан таанышыңыздар. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында байкоо тутумун орнотуу боюнча аукциондун жеңүүчүсү болуп россиялык "Вега" радиокуроо концерни табылды.

Кезектеги тендер сентябрь айынын башында өтүп, баштапкы наркы 2,5 миллиард сомду түзгөн. Бааны төмөндөтүүгө аукциондо үч ишкана: "Альфа Телеком" ЖАК, "Маалыматтык тутумдардын коопсуздугу" компаниясы жана "Вега" АК катышкан. Жеңүүчү аталган ишкана эң аз бааны: биринчи лот боюнча – 1, 125 миллиард сом жана экинчи лот боюнча 1,195 миллиард сомду сунуштаган.

Платная дорога в объезд города Одинцово в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Кыргызстанда акы төлөп жүрүүчү үч жол ачуу каралып жатат
Долбоордун шарттарына ылайык, россиялык компания камераларды Бишкектеги кесилиш, шаар аралык жана кан жолдордо – жалпы 110 комплексти орнотууга тийиш. Ошондой эле ишке ашыруучу (подрядчик) компания жол кыймылындагы мыйзам бузууларды фото-видео каттоо тутумунун жабдыктарын сатып алуу, орнотуу жана иштешине кеткен чыгымдардын баарын өз мойнуна алат.

Sputnik Кыргызстан "Коопсуз шаар" боюнча тендердин жеңүүчүсү жөнүндө фактыларды жыйнады.

1. "Вега" радиокуроо концернинин тарыхы тээ согуш жылдарына, 1944-жылы №17 Борбордук конструктордук бюро түптөлгөн маалга барып такалат. Анын негизги милдети учактын радиолокациялык тутумун иштеп чыгуу болгон, бюро жыйынтыгында Советтик армиянын куралданышына кабыл алынган тутумду түзүп чыккан. Бир убакта ишкана "Жабдыктарды иштеп чыгаруучу Москва илим-изилдөөчү институту" деп да аталган. Ал эми "Вега" радиокуроо концерни" ишкана катары 2003-жылдан тарта тааныла баштаган. Компания "Российская электроника" деп аталган холдингдин курамына кирет, ал өз кезегинде "Ростех" мамлекеттик корпорациясына таандык.

2. Ишкананын негизги багыты — жер үстүндөгү, авиациялык жана космостук база кылууну башкаруу тутумдарын иштеп чыгуу. Ошондой эле компания учкучсуз учактарды, аэростат жана аба кыймылын башкаруу каражаттарын иштеп чыгарат.

Ишкананын расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, анда өндүрүш өндүрүмдөрүнүн арасында жарандык керектөөлөргө багытталган долбоорлор да бар. Маселен, медициналык техника, окуу процессин автоматташтыруу үчүн программалар жана видеобайкоо комплекстери.

Встреча мэра столицы Азиза Суракматова с руководителями фирм-перевозчиков - Sputnik Кыргызстан
Маршруттук таксинин ээлери Суракматов менен жолугуп жол кирени көтөрүүнү сурады
3. Фото-видео каттоо тутуму — концерндин жаңы багыты. Жол кыймылы эрежелерин бузууну каттоочу комплекси "Призма" деп аталып, былтыр күздө коопсуздук маселелери боюнча XII Эл аралык форумда көрсөтүлгөн.

Транспорттун көрүнүшү кандай, анын номуру, ылдамдыгы (каршы жана катарлаш тилкеде), кыймыл маалы — бул маалыматтардын баары иштеп чыгуу борборуна жөнөтүлөт. Комплекстин алгачкы үлгүдөгү бөлүгү Россиянын Иркутск облусунда быйыл июлда орнотулган.

4. "Призма" башкалардан автономдуулугу менен айырмаланат: ал күндөн энергия алып иштей берүүгө жөндөмдүү. Комплекс номурдук белгилерди күндүн кайсы маалында болбосун 98 пайыз тактыкта тааныйт, ал эми ылдамдыкты өлчөөдөгү минималдык каталыгы – 1 чакырым /саат. Бир камера жолдун сегиз тилкесин көзөмөлдөй алат.

"Вега" АК өкүлдөрү алардын системасы кынтыксыз иштейт деп ишендиришет, себеби, аны иштеп чыгууда абдан ынанымдуу программалык камсыздоо пайдаланылган. Өндүрүшчүлөрдүн айтымында, "Призма" системасын топтоо, орнотуу жана тейлөө абдан жөнөкөй.

5. Компаниянын башкы директору – 14 жыл бою концерндин инженердик жана жетекчилик кызматтарын аркалап келген Вячеслав Михеев. Анын биринчи орун басары жана башкы конструктор — РФ Өндүрүш жана соода министрлигинин радиоэлектрондук комплекс ишканаларынын директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Верба.

Ландшафтный парк Митино в Москве - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте биринчи жолу жөө адамдар үчүн кенен жол курулууда
"Коопсуз шаар" долбоору өкмөт тарабынан төрт жыл мурун сунушталган. Биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган, ошондуктан, экинчисин жарыялашкан. 2015-жылдын январында россиялык "Стилсофт Бишкек" компаниясы жеңип чыккан. Бирок, ИИМ анын шарттарына макул болбой, сотко кайрылган. Кийинчерээк долбоорду кытайлык Huawei компаниясы колго алмакчы болгон, бирок компания коюлган талаптарды аткарган жок деген жүйө менен келишим бузулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0