Төө-Ашууда эмне себептен 1,5 сааттык тыгын пайда болду?

© Sputnik / Табылды КадырбековТрасса Бишкек-Ош, туннель имени К. Кольбаева
Трасса Бишкек-Ош, туннель имени К. Кольбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашууда тыгын болгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Төө-Ашууда узун жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу маалымат Бишкектин автоунаа сүйүүчүлөрүнүн Whatsapp тайпасында жарыяланды.

Платная дорога в объезд города Одинцово в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Кыргызстанда акы төлөп жүрүүчү үч жол ачуу каралып жатат
Болжол менен саат 15.50дө видео көзөмөлдөөчү камералар ашуунун эки тарабынан тең көптөгөн унаалардын топтоп тургандыгын онлайн көргөзгөн. Алардын жолу тосмолор менен жабылып, жанында милициянын формасын кийген адамдар турган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматына кайрылды. Мекемеден учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери тоннелде оңдоо иштерин жүргүзүп жатышкандыгын билдиришти. Ал эми милиция кызматкерлери ал жерде коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында иштеп жаткандыгын кошумчалашты.

Учурда камералар аркылуу кыймыл жандангандыгын байкоого болот, бирок Төө-Ашууда топтолгон унаалардын саны азая элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0