Айдоочунун эсине. Бишкектеги Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгү жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота железнодорожного вокзала в Бишкеке
Работа железнодорожного вокзала в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү бир нече саатка жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу аталган көчөдөгү өтмөк 22-сентябрь күнү саат 09:00дөн 13:00гө чейин жабык болот.

Буга байланыштуу калаа бийлиги бардык айдоочулар эрежени эске алып, башка жолдор менен айланып өтүүнү сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0