Муфтияттын окуу бөлүмү өлкөдөгү диний окуу жайларды текшерет

© Фото / пресс-служба Ошского областного казыятаОткрытие женского медресе
Открытие женского медресе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда диний окуу жайлардын план-программаларынын түзүлүшү, жаңы окуу жылына мугалим менен окуучулардын даярдыктары, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы каралат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жаңы окуу жылына карата Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония открытия центральной мечети Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жаңы мечиттеги азандын үнүнө нааразы болгондор бар. Муфтияттын жообу
Билдирүүгө ылайык, анда жаңы окуу жылына мугалим менен окуучулардын даярдыктары, план-программалардын түзүлүшү, окуу жайлардын тазалыгы, санитардык абалы, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы каралат.

Ошондой эле муфтияттын өкүлдөрү өзгөчө кырдаалдар жана өрт өчүрүү кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар кандай кырсыктарды алдын алуу аракеттерин көрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0