Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Жазылуу
Эки тараптуу кыймыл 25-сентябрь күнү кайрадан жанданат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы 22-24-сентябрь күндөрү жабыла турганын КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, бул Кытайда Ай жана түшүм майрамын белгилөө менен байланыштуу.

"Эки күн бою "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттеринин ишине чектөө киргизилет", — деп айтылат маалыматта.

Эки тараптуу кыймыл  25-сентябрь күнү кайрадан жанданат.

Жаңылыктар түрмөгү
0