Бишкек шаардык кеңештин жаңы төрагасы журналистке эмнеге калп айтканын түшүндүрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовДепутат БГК Жаныбек Абиров
Депутат БГК Жаныбек Абиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага атасы Бишкек ТЭЦине көмүр жеткирип жүргөн "Рассвет компани" фирмасынын негиздөөчүсү Болот Абиров экенин тастыктады.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланган төрагасы журналисттерге эмне себептен атасы жана иштеген жери тууралуу жалган маалымат бергенин түшүндүрдү.

29 жаштагы Жаныбек Абиров 20-сентябрь күнү Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга келген 41 депутаттын 40ы колдоп берген. Бирөө калыс болгон.

Журналисттер эмне үчүн ал жергиликтүү ЖМКлардын бирине "Рассвет компани" фирмасына тиешеси жок экенин айтып, атасы Болот Абиров экенин моюндабай койгонун сурады.

"Мага бир журналист 20 күн мурда телефон чалган. Экөөбүз бетме-бет кезиккен эмеспиз, мен аны тааныбайм. Ошондуктан, үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, эч нерсени түшүндүргөн эмесмин", — деди Абиров.

Депутат БГК Жаныбек Абиров - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы жашоого кол шилтеп, Бишкекке бала окутууга келген Жаныбек
Андан соң төрага атасы Бишкек ТЭЦине көмүр жеткирип жүргөн "Рассвет компани" фирмасынын негиздөөсүчү Болот Абиров экенин тастыктап, азыр өзү аталган ишканада коммерциялык директор экенин кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Абиров эртең ал кызматынан кетүү боюнча арызын жазып, шаардык кеңештин төрагасы катары акы албай иштеп берерин айтты. Спикер өзүнө айлык катары бөлүнгөн каражатты балдар жана карылар үйлөрүнө которуп турарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0