Кыргызстанда 39 студенттин диплому жокко чыгарылып, 7 адам соттолду

© SputnikДиплом выпускника ВУЗа КР
Диплом выпускника ВУЗа КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК мындан ары да билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды аныктоо иштерин улантат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ) мурдагы жети кызматкери студенттерине мыйзамсыз түрдө диплом берген деп шарттуу түрдө кесилди. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мындай иштерди 2017-жылы университеттин мурдагы ректору Г.М. өзүнүн А. П., Г. Б., Р. Ж., Н. Х., М. Б., М. М., М. М. аттуу кызматкерлери, Кызыл-Кыя колледжинин директору Т. О. жана Оштогу "Сулайман-Тоо" музей комплексинин жетекчиси Э. М. менен биргеликте жасаган. Алар жасалмаланган академиялык маалымат каттын негизинде 56 студентти башка ЖОЖдо окуду деген жүйө менен БатМУнун бүтүрүү курсуна кабыл алган.

"А. П, М. Б., Т. О., Н. Х., М. М., М. М. жана Р. Ж. атуу жарандарды Баткен райондук соту күнөөлүү деп таап, бештен жети жылга чейин шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Ал эми Г. М., Г. Б жана Э. М. кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот өндүрүшүн кароо токтотулду. Натыйжада сот 39 студенттин дипломун жараксыз деп табуу өкүмүн чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖОЖдун кармалган ректору студенттер эле эмес, чоңдорду да сызга отургузган дешти
УКМК жогорудагы кызматкерлерге Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (Кызматтык жасалмачылык) жана 350-беренелери (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) менен кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле УКМК мындан ары да билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды аныктоо иштери улантыларын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0