Коркконуман көчтүм. Экотехинспекциянын иштен кеткен кызматкеринин азыркы абалы

© Фото / предоставлено Анарой МамбеталиевойМитинг Анары Мамбеталиевой
Митинг Анары Мамбеталиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамбеталиева коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам дарегин, телефон номерлерин алмаштырууга аргасыз болгонун билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Коопсуздугум үчүн жашаган жеримди убактылуу алмаштырып, кыздарым менен туугандарымдыкында баш калкалап жатам. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын иштен айдалган кызматкери Анара Мамбеталиева билдирди.

Пара алып жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатып кармалды
Эске салсак, буга чейин мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева аталган инспекция коррупциянын сазына батып бара жатканын өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыккан. Ал чындыкты издеп жатып, кайра эч бир ишке орношо албай тургандай берене менен айдалганын билдирген. 

Тагыраагы ведомствонун жетекчилиги мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүмүнүн 7-бөлүмчөсүнө таянып Мамбеталиеваны кызматтан бошоткон. Бул берененин негизинде ал бир дагы мамлекеттик кызматта, ал тургай журналистика тармагында дагы мыйзамдуу негизде иштей албайт.

"Башкасынан да мени ушул берене менен жумуштан кетиришкени оор болду. Анткени өзүм жалгыз бой аялмын, 11 жаштагы эки кызым бар. Негизи мыйзамда жашы 14кө чыга элек балдары бар болсо, жалгыз бой аялды жумуштан кетирүү каралбаптыр. Андан дагы жетекчилик мага "митингге чыккан" деген айып койду. Бирок юридикалык жактан алып карасак, бир эле адамдын коомчулукка кайрылуусу митинг деп эсептелбейт", — деди Мамбеталиева.

Учурда ал туугандарынын үйүндө убактылуу баш калкалап жатканын айтып, телефон номурларын алмаштырууга туура келгенин кошумчалады.

"Башында коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Коопсуздугум үчүн жашап жаткан жеримди убактылуу алмаштырууга аргасыз болдум. Телефон номерлерди да өзгөрткөм. Азыр эки кызым менен Бишкекте эле туугандарымдын үйүндө жашап жатам. Акча-тыйынга ата-энем кичинеден жардам берип жатат. Бирок эки кызым тең мектепте окугандыктан каражат жагынан кыйын эле болууда. Ишке орношуу боюнча мамлекеттик кадр кызматына арыз менен кайрылып, жалгыз бой эне экенимди да эске алыңыздар дегем. Учурда комиссия түзүлүп ишти карап жатканын айтышууда. Туура чечим чыгарып берет деп үмүттөнүп отурам", — деди Мамбеталиева.

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Урматтуу президент, өмүрүм коркунучта! Экотехинспекциянын өкүлү агынан жарылды
Анын айтымында, учурда коррупциялык иштер боюнча берген көрсөтмөсүн учурда Башкы прокуратура карап, Коопсуздук кеңеши да иш алып барууда.

Эске салсак, Анара Мамбеталиева буга чейин "өмүрүм коркунучта" деп президент Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылган. Көп өтпөй өлкө башчы анын кайрылуусуна көңүл буруп, коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. 

Мамлекеттик кадр кызматы учурда Мамбеталиеванын жумушка орношуу укугун калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлүп, иш каралып жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0