Депутат: кыргыз илимпоздорунун эмгектери ар бир жаранга жеткиликтүү болушу керек

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКитептер. Архив
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, жакында эле россиялык диссернет сайты кыргызстандык айрым илимпоздордун илимий иштеринде плагиат бар экенин аныктап чыккан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев (КСДП фракциясы) кыргызстандык илимпоздордун жазган илимий иштери бардык жарандарга жеткиликтүү болуп, аларды алууда эч кандай чектөөлөр болбошу керектигин айтты.

Бүгүн депутаттар жалпы жыйынга чогулуп, ар түрдүү маселелерди карап жатат.

Эл өкүлүнүн айтымында, жакында эле россиялык диссернет сайты кыргызстандык айрым илимпоздордун илимий иштеринде плагиат бар экенин аныктап чыккан. Бул окуядан кийин Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы илимий иштерди алууга чектөө киргизип, базаны жаап койгон.

"Ошол россиялык сайт биздин жасалма илимпоздорду ачыкка чыгарды. Эми Жогорку аттестациялык комиссия базаны жаап салды. Ошону кайра ачыш керек. Ким жакшы илимпоз болсо ошону көрөлү, керек болсо кошумча акча төлөп берели. Өкмөттөн чечимди чыгартып, бардыгын ачык кылгыла, илимий изилдөөлөр бардыгына жеткиликтүү болуш керек", — деп депутат өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылды.

Бекешев илимий изилдөөлөр коомго пайда бербесе, анын эмне кереги бар деп суроо салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0