Окумуштуулар: арыкташ үчүн эт жеш керек

Жазылуу
Изилдөөчүлөр эт, жашылча-жемиш жана таза суу организмди сааттай иштөөгө мажбурлай турганын айтышууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Торонто (Канада) университетинин окумуштуулары зат алмашуу процессин калыбына келтирүү менен ашыкча салмактан арылуу үчүн этти жашылча-жемиш менен кошуп жеш керек экенин айтышты. Бул тууралуу Science Alert илимий сайтына жарыяланды.

Маалыматта этте организмге керектүү витаминдер көп экени айтылат.

"Эттеги витаминдерди башка азыктардан табуу кыйын. Эгер адам диета учурунда эт жегенди токтотуп койсо, организм стресс алып салмак кошо баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Изилдөөчүлөр эт, жашылча-жемиш жана таза суу организмди сааттай иштөөгө мажбурлай турганын айтышкан.

Буга чейин окумуштуулар узак жашоонун сырын ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0