Памирге кеткен кыргыздардан дайын барбы? Миграция кызматынын жообу

Жазылуу
Учурда Памирдеги кыргыздар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жайында Памирге кеткен 18 боордош Кыргызстанга кайта элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынан кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековМиграция кызматынан кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова
Заведующая отделом по делам кайрылманов и беженцев Государственной службы миграции Жыпара Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
Миграция кызматынан кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова

Анын айтымында, учурда алар менен байланышуу да мүмкүн болбой жатат.

"Кечээ бул жактагы туугандарынан сурасам Файзавадга Тажикстандын визасын алганы кетиптир дешти. Негизи транзиттик виза болбосо бул жакка кайра кире алышпайт. Биз кетип жатканда аларга үч айга чейин жарайт деген чыгуу визасын бергенбиз. Келет деп күтүп жатабыз, бирок байланыш жок. Элчиликке деле кайрылышпаптыр. Кеткендердин көбү Нарындагы лицейди окуп бүтүргөн балдар болчу, сертификаттарын алышкан. Бирок кайра келип окуубузду улантабыз дегендей кылышкан. Чыгуу визасы боюнча алар бизге октябрга чейин кирүү укугу бар. Эгер ага жетишпей калса, анда Кабулга барып кайра виза жасатууга туура келип калат", — деди Мамбетова.

Нарындагы Памир кыргыздары эмнеге нааразы? Видеорепортаж - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы Памир кыргыздары эмнеге нааразы? Видеорепортаж
Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.

Ал эми 6-июлда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алышкан. Алардын арасында бир нече үй-бүлө жана 6 жашка чейинки эки кичинекей бөбөк бар болчу. Ошентип Кыргызстанга келген боордоштордун ичинен Нарында 33ү калган. Анын үчөө кесиптик-лицейде билим алган балдар болчу. Ошолордун ичиндеги Ноорулхуда менен Авдувакил учурда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде билим алууда.

Мамбетова балдар сентябрь айынан бери аталган университеттин алдындагы колледж жана гимназияда окуп баштаганын айтты.

"Былтыр Кыргызстанга келген боордоштордун ичинен 22 жаштагы Ноорулхуда менен 19 жаштагы Авдувакил буга чейин Афганистандын борбору Кабул шаарындагы мектептен билим алышыптыр. Балдардын окуду деген документтери Кыргызстанга жайында келди. Аны алып биз Билим берүү министрлигине "экөөнүн алган билими биздин өлкөнүн стандарттарына туура келеби" деп көрсөтүп көрдүк. Министрлик карап чыгып биринин билими 8-класстын, экинчисиники 10-класстын программасына туура келет деген тыянак чыгарып берген. Учурда Абдувакил ОшМУнун алдындагы "Ыйман" гимназиясында, ал эми Ноорулхуда педогогикалык колледжде билим алууда", — деди Мамбетова.

Боордоштор аталган окуу жайда бекер окуп, алардын тамак-аш, жатаканасынын каражатын да ОшМУ өз мойнуна алган.

Миграция кызматынын өкүлү балдар эмне себептен окуусун Нарында улантпаганын да түшүндүрүп берди.

Памирские кыргызы в студии ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры
"Алар бир жыл Нарындын кесиптик-техникалык лицейинде окуп, компьютердик курстун сертификатын алышкан. Бирок Нарында аларды акысыз окутууга колледж табылган жок, Бишкектеги билим берүү жайлары да бекер жатакана, тамак-аш менен камсыздай албай турганын айтышты. Ушундан кийин биз ОшМУга кайрылып макулдугун алдык. Анын үстүнө балдардын Ошто турууга каалоосу күч эле",— деди Мамбетова.

Ноорулхуда менен Абдувакил Памири экөө тең Улуу Памирдин мурдагы ханы Турдакун ажынын балдары. Турдакун ажы мурун кыргыздардын атынан парламентте депутат болуп, 2016-жылы дүйнө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0