05:02 24 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Ала-Тоо аянтындагы майрамы. Архивдик сүрөт

Адамзаттын өнүгүү индекси жарыяланды. Кыргызстан канчанчы орунда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
239 0 0

Жалпысынан тизмеге 189 мамлекет кирип, адамзаттын өнүгүү индекси үч көрсөткүч менен өлчөнгөн.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму адамзаттын өнүгүшү эң мыкты болгон мамлекеттердин тизмесин жарыялады.

Тизмеге жалпысынан 189 мамлекет кирип, адамзаттын өнүгүү индекси үч көрсөткүч менен ченелген. Алар: адамдардын жашоо узактыгы, билим берүүнүн орточо көрсөткүчү жана киреше. Эреже боюнча БУУнун отчету жарыялангандан кийин ар бир мамлекеттин Улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары менен салыштырылат, андыктан жаңы жарыяланган отчет былтыркы жылдагы маалыматтар менен түзүлгөн.

2018-жылдагы отчет боюнча Норвегия биринчи болду. Бул мамлекетте орточо эсеп менен адамдар 82 жылга чейин жашайт. Билим берүү орточо алганда 12 жылга, болжол менен алганда 18 созулат. Орточо киреше 68 миң доллардан ашык.

Андан сырткары Швейцария, Австралия, Ирландия, Германия, Исландия, Гонконг, Швеция, Сингапур жана Нидерланддар мамлекеттери алдыңкы ондукка кирген. 

Ал эми Кыргызстан бул тизмеде 122-орунга илинди. Эксперттердин баамында Кыргызстанда кишилер орточо 71 жашка чейин жашайт. Билим берүү 10-13 жылга созулат. Кирешени жан башына бөлө келгенде жылына 3 миң долларды түзгөн.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча өлкөдөгү орточо жаш курактын узактыгы чынында эле 71 жылды түзөт. Ал эми киреше тууралуу маалыматта бир аз дал келбөөчүлүк бар. Улуттук статистика комитинин билдиришинче, кыргызстандыктардын бир жылдык кирешеси 2 миң долларга барабар. 

Бириккен Улуттар Уюмунун быйылкы отчетунда СССРдин курамындагы мурдагы мамлекеттер Кыргызстандан бир кыйла алдыга кеткен. Атап айтканда Россия 49-орунда, Казакстан 58-орунда, Өзбекстан 105-орунда, Түркмөнстан 108-орунга татыган. Бир гана Тажикстан 127-орунга чыгып, Кыргызстандан артта калган. 

Бул тизменин эң артында Нигерия. Маалыматка ылайык, бул мамлекеттеги жашоо узактыгы 60 жылды гана түзөт. Ал эми билим берүүгө 2-5 жыл гана берилет. Жан башына киреше 906 доллар.

Тема боюнча

Жашоого ыңгайлуу делген алдыңкы шаарлар аталды. Рейтинг
Кыргызстанга кай жактан көп киши келет? Мамлекеттердин рейтинги
Бензин арзан баада сатылган өлкөлөр аталды. Рейтинг
Белгилер:
индекс, рейтинг, Бириккен Улуттар Уюму, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ