Эртең Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекМодернизация наружного освещения в Бишкеке
Модернизация наружного освещения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүкэлектр" ишканасы жарык кышка даярдык көрүү, эски электр зымдарын алмаштыруу максатында өчүрүлүп жатканын маалымдайт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Эртең, 17-сентябрда, Бишкек шаарынын бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 17-сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушундагы Керемет, Кулмурзаев, Арстанбап, Көк-Жайык, Молдокулов, Улан, Көк-Жаңгак, Достоевский көчөлөрүндө жарык болбойт.

Жарык өчө турган аймактардын тизмеси:

Саат 9:30дан 19:00гө чейин Жумабек, Үсөнбаев, Фрунзе, Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрү;

Саат 9:30дан 19:00гө чейин Кирпичный, Осмонкул, Древесный, Жданов, Абдыкадыров, Торфяный, Суворов көчөлөрү менен Тугучинский туюк көчөсү;

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин "Чыгыш-5" кичи районундагы №23/2 үй;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин "Достук" кичи районундагы №4 үй;

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Хабитат, Боталиев, Можайский, Кызыл-Кыя көчөлөрү;

Саат 13:00дөн 15:00гө чейин Мостовой, Восточный, Тоголок Молдо, Можайский көчөлөрү менен Снегиревский, Витебск туюк көчөлөрү;

Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте футбол оюну учурунда электр жарыгы эки ирет өчтү
Саат 9:00дөн 13:00гө чейин Ынтымак жаңы конуштарында;

Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Киргизия-1 жаңы конушундагы Кожомкулов, Абдрахманов, Жеңиш, Волокаламская көчөлөрүндө;

"Түндүкэлектр" ишканасы жарык кышка даярдык көрүү, эски электр зымдарын алмаштыруу максатында өчүрүлүп жатканын маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0