Апама деги кандай кыз жагат?! Үйлөнө албай жаткан бойдок жигиттин баяны

© Sputnik / Эмиль СадыровЖизнь и быт в Баткенской области
Жизнь и быт в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында үйлөнөйүн деп бирок ата-энесине жага турган кызды таппай жүргөн жигиттин окуясы баяндалат.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
40тан ашып баратам, өзүм үчүн төрөп алсамбы… Аял кишинин толгонуусу
Үйдүн улуу баласымын. Атам чарба кызматкери, апам өмүр бою мугалим болуп иштеген. Мектепте, окууну бүткөндө дагы "мугалимдин баласы болсоң" деп катуу кармап, досторум менен эки жакка көп чыгарышчу эмес. Окууну жакшы баа менен аяктап, юридикалык академияга тапшыргам. Үйдөгүлөргө жүк болбой жок дегенде окуумдун акчасын өзүм табайын деп, 3-курстан баштап иштеп баштадым. Анткени менден кийин дагы окуй турган бир туугандарым бар эле. Кийин катардагы студенттердей эле майда-чүйдө жумуштарда иштеп жүрүп окууну таштап салгам. Аны билип калган ата-энем иштетпей койду. Себеби алар билимди туу туткан адамдар. Үйдө тартип катуу. Кичүү карындашымдан башкабыз ата-энеме өйдө карап сүйлөй албайбыз. Ошентип ЖОЖду да аяктап, үйлөнө турган мезгил келди. Ошол маалда бир кыз менен сүйлөшүп жүргөм. Бир күнү ата-энем "сүйлөшкөн кызың барбы, тааныштырбайсыңбы" деп калышты. Макул болуп шадыраңдап эле баягы кызымды ата-энеме жолуктуруп тааныштырдым. Ал кыз медициналык академияда билим алчу. Жакшы эле сүйлөшүп кетишкен, кызымды үйүнө жеткирип келсем экөө уктабай отуруптур. Мен "жактыбы" деп сурагыча болбой апам "бул кызың дарыгер болсо, күнү-түнү үйгө токтобой жумушта болот турбайбы. Анын үстүнө үчүнчү эле курс экен, ал окууну бүткүчө көп бар. Ага чейин балалуу болушуңар керек, башка эле кыз караштырчы, балам" деп коюшту. Алардын айткандары бизге мыйзам да, унчукпай тим болдум. Кызым кандай ойдо кеткенин сураган да жокмун, бирок өзү түшүндү окшойт, ар кайсы шылтоону айтып атып акыры мамилебизге чекит койдум. Ошону менен үйдө "үйлөн, качан үйлөнөсүң" деген тема тынчый түшкөн.

4-5 айдан кийин өз күчүм менен кесибим боюнча жакшы жумушка орноштум. Андан кийин үйдө кайрадан "кыз таптыңбы, качан үйлөнөсүң" деген маселе көтөрүлдү, "мен жактырган кыздар силерге жакпайт экен" десем апам "сени бактылуу болсун деп жатпайбызбы" деп кутулду. Ошондон баштап кайра "жакшы кыз" издей баштадым. Жумушта байкап, жактырып жүргөн бир кыз бар болчу. Аны менен тез эле жылдызыбыз келишип сүйлөшүп баштадык. Убакыт созулуп кете электе деп аны да апам менен тааныштырдым. Бирок апам аны да жактырбай мурдун чүйрүп койду. Андан башка 4-5 кызды көрсөттүм, кашайып алар да жакпады. Ошентип мен жактырган кыздар апамдын сынынан өтпөй айланы кетирди. Алган жарым ата-энем менен жашабайт деңизчи, бирок кээ бир тааныштарым сүйүп-күйүп үйлөнүп алып, кийин аялдары кайненеси менен мамилеси келишпей, ажырашкандар болгон. Ошондуктан мага жаккан кыз, аларга да жакса дейм. Жашым 30дан өтүп баратат, убакыт өткөн сайын оңой менен кыз жакпай калат экен. Мага жакса, ата-энем болбойт. Айлам кеткенде апама "сизге жаккан кызды алып келиңизчи көрөйүн" дедим. Бирок өздөрү бир да кыз менен тааныштырган жок. Азыр башым маң болуп жүргөн кез. Кандай кеңеш бере аласыздар?

Кадиян Бообекова. Психолог

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала карап үйдө отурган күйөөдөн тажадым. Бүлөсүн жалгыз баккан аялдын баяны
Бул үй-бүлөдө сүйлөшүү, баарлашуу деген жок. Энеси азырынча "үйлөн" дегени менен кайнене болууга али даяр эмес, баласын да кое бергиси келбей жатат. Бул үйдө тартип катуу делген менен кандайдыр бир ачык айтылбаган көйгөй, маселе бар. Ар бир ата-эне баласы кичинекей болсо да анын ой-пикирин сыйлашы керек. Бул жерде чоң эле жигит бир эмес, эки-үч кызды алып келип тааныштырган экен. Кемчилик ал кыздарда эмес, үй-бүлөнүн өзүндө. Бала да чечкиндүү болушу шарт. Ооба, ата-эненин сөзүн угуп, алардын оюн сыйлаганы жакшы. Бирок жеке жашоосуна байланыштуу чечимди өзү кабыл алышы керек. Себеби алган жары менен түбөлүккө ата-энеси эмес, өзү жашайт. Бизге кайрылган жигит ата-энесин шылтоо кылып балким өзүнүн үй-бүлө курганга каалоосу жоктур. Себеби эгер ал ата-энесине тааныштырган кыздардын бирин чындап сүйгөндө айласын тапмак.

Менин бул мырзага кеңешим, алгач кыздар менен мамиле курарда өзүнө "мен үй-бүлө күткөнгө даярмынбы?" деп суроо берсин. Эгер даяр экенин билсе, сүйлөшүп жүргөн кызын чын эле жакшы көрөөрүнө көзү жеткидей болсун. Бала ата-энеси менен жай отуруп, тааныштырган кыздары эмнеге жакпай жатканын жакшылап сурап, баарлашсын.

Эгер ата-энесине айта албаган кандайдыр бир көйгөйлөрү болсо, эркек психологго кайрылып көрсүн. Себеби айрым эркектер аялдардан кеңеш сураса өздөрүн алсыз сезип кетет.

Негизи бул өтө деле көйгөйлүү маселе эмес, бир эки отуруп сүйлөшүп чечсе болот. Болгону бала өзүнө-өзү ишенип чечкиндүү болсун.

Жаңылыктар түрмөгү
0