Суракматов элдин өтүнүчүн угуп, эски скверди калыбына келтирмей болду

Жазылуу
Калаа башчысы маселе-сунуштары менен кайрылган тургундардын көйгөйүн тез аранын ичинде чечип берүүнү тийиштүү кызматтарга тапшырды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Калаа башчысы Азиз Суракматов ишемби күнү Бишкектин тургундарын кабыл алып, алардын сунуштарын укту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде шаардыктардын эс алуусу үчүн жаңы аллея пайда болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы аллея пайда болду. Сүрөт
Шаардын жашоочулары Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишиндеги скверди калыбына келтирип, казылган аңды толтурууну суранышкан.

Суракматов шаардыктардын сунушун колдоп, Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков менен калаанын тийиштүү кызматтарына маселени тез аранын ичинде чечүүнү тапшырды. Аталган жерге тогуз кабаттуу имарат салынмак. Мурда сквер болгон бул жер 2010-жылы сатылып кеткен. Кийин жер тилкеси кайрадан сатылып, курулуш иштери башталган.

Жакын жерде жашаган тургундар курулушту токтотууну талап кылып, митингге чыгышкан. Талаш-тартыш 2016-жылы Жогорку сот мэриянын жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча токтомун жокко чыгаргандан кийин гана токтогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0